Menu

Алмаз Абеков: “Атамбаев баары бир мураскер чыгарат. Ал ким болот?..”

Бөлүшүү:

“Мураскер калтырбайм” деп президент Атамбаев бир нече жолу жарыялады. Бирок… Биринчиден, буга чейин биз Атамбаевдин өз сөздөрүнө бир аз эркин мамилесин байкаганбыз. Ошондой эле, анын бир катар жарыялары күбө, мисалы, “Эл жана кошуна президенттер мени дагы калып иште деп суранышууда…”, “мен баардыгын көрдүм, а түгүл түрмөдө да отурдум…”, “Кудай мага көп акча берди…” жана башкалары. Албетте, Кудай кимге канча ырыскы берээрин өзү билет дечи, бирок, Атамбаев менен эле чектелбей, карапайым элге да бир аз акча берсе болот эле… Бул жарыяларга баа берсек, Атамбаев өзүн кыргыз элинин бактысына жаралган пайгамбар сезгендей. Атамбаев: “Мен бар – Кыргызстан бар, мына 3 миллиард инвестиция алып келдим, баардыгын оңдоп-түздөп койдум, атүгүл ырдап да бердим… Мен жок, кайран эл кантээр экенсиңер?” дегендей. Атамбаевдин сөзүн уксаңар, баардыгын алдын ала билет, кошуна президенттерге да акыл үйрөтөт. Андыктан, убактысы келгенде, Атамбаев, “эл суранып жатат, иштеп берейин, президент болбосом да премьер болоюн” деген ойго келбесине ким кепилдик берет? КСДПны бекемдөө аркылуу премьер-министрдин кызматын өмүр бою ээлесе болот. Далил катары, байкасаңар, журналисттерге кайрылып, Атамбаев көп айтып калды: “Жакшы нерсе көп, жаманды чукубай, жакшы нерсени жазгыла” деп. Чындыгында, Атамбаев кайда барбасын, бүт жерде бакубат өнүгүү: жолдор менен каналдар салынып жатат, мектептер ачылып жатат, айлык акы күн сайын көбөйүүдө, атүгүл ГЭСтерди курууга жумушчулар жетишпейт. Айлананы карагылачы, жашооңор өзгөрүп, жакшы нерсе көп болуп жатабы? Менин пикиримде, Атамбаевдин таанымы объективдүү эмес. Себеби, жакынкы чөйрөсү аны мактап, кайда барбасын жакшы нерсени кана көрсөтөт. Мындай жагдайда Атамбаевге адам жана саясатчы катары ишенич барбы?

Экинчиден, мураскерди Атамбаев өзү эмес, анын командасы жана КСДП алып келе алат. Анда, Атамбаев: “Мен эмес, ал эми башкалардын өз эрки” деп кутулат. Бирок, тымызын мураскерди колдоп коет да, жыйынтыгында бийликке баары бир өз кишиси келет.

Үчүнчүдөн, мураскер Атамбаевдин жеке өзүнө керек болбосо да, бүгүнкү бийлик үчүн керек. Балким, Атамбаев президенттиктен кийинки жашоосун элесте алат, а анын жандоочулары элестетеби? Алардын эбегейсиз зор карьерасы кесипкөйлүк менен эмес, жеке Атамбаевге чексиз берилгендиги менен байланышкан да! Андыктан, алар үчүн “Ал киши кетсе эмне кылабыз?” деген суроо күн тартибинде турат. Шайлоо алдында убадаланган бейпил жашоо жок, демек, жаңы келген президент ыңгайсыз суроолорду бере баштайт. Анда кантишет? Дагы бир жагдай, бийликте жүрүп, кыныгып калышпадыбы? Бактысы ушинтип эле бүтүп калабы? Жо-ок, бийлик үчүн салгылашышат.

Төртүнчүсү, жаңы келген президент КСДП үчүн коркунуч туудурат. Себеби, ал 6 жылдык мандатынан пайдаланып, өз партиясын бекемдөө аракетин көрөт. Өз партиясын, албетте, КСДПны алсыздатуу менен күчөтөт. Кантип? Баягыдай эле, УКМК, башкы прокуратура колунда. Салык жашыруу, коррупция деген кылмыш иштери, кызматтан бошотуу, каржы булактарын жабуубу? Бир ок менен эки коен өлтүрөт: бир жагынан элди алаксытып, жакшы көрүнөт, экинчи жагынан өз салмагын күчөтөт. Бизде идеянын негизинде партиялар жок, баардыгы бир лидердин тегерегинде чогулган саясый кландардын өкүлдөрү. Күчтүү лидер – күчтүү партия. Күч жаңы президентте, эгер ал мураскер эмес болсо, анда саясый кландар КСДПдан кетип, анын чөйрөсүнө өтө баштайт. «Алга Кыргызстан» эмне болду? «Акжол» партиясынын мүчөлөрү азыр кайда?

Байкасаңар, Атамбаевдин өзү, анын жакын чөйрөсү жана КСДП үчүн кийинки президент ким болсо да, эгер ал мураскер эмес болсо, анда ал коркунучтуу. Демек, бул маселени чечип, алдын ала чара көрүү керек. Атамбаевдин чөйрөсү муну билет, андыктан, ачыкпы, жашыруунбу, айтор, мураскерди колдоону баарылап андан суранышат, көндүрүшөт. Таптакыр болбосо, анда өздөрүнчө мураскер даярдашат. Бул объективдүү көрүнүш.

Жыйынтыгында эмне? Атамбаев кааласа да, каалабаса да, эмне деп жарыяласа да, ал өзү колдойбу же жокпу – мураскер болот.

Демек, штабда мураскерди бийликке алып келүү планы даяр деп ойлойм. Ал план эки чоң бөлүктөн болушу керек:

  1. Мураскер ким жана аны шайлоодо өткөрүү жолу;
  2. Атаандаштар ким жана аларды жоюу иш-чаралары.

Биринчи суроо, менин оюмча, азырынча ачык. Экинчи маселе боюнча үч тизме бар:

  1. “Көнүмүштөр”. Булар шайлоого дайым катышат, ашыкча зыяны жок сүйлөй беришет, эл ага көнүп калган, көңүл деле бурбайт. Шайлоодо кооптонгудай добуш чогулта алышпайт. Андыктан, мейли, шайлоого чыга беришсин, айла жок болуп баратса, бир кызматка алданат, ар кимисинин баасы белгилүү;
  2. “Кооптуулар”. Булар бийликте белгисиз, жаңы адамдар. Алардын ресурсу, шайлоодо стратегиясы белгисиз. Коомдогу нааразычылыкты колдонушат. Жаңы идеялары, реформалары менен шайлоочуларды кызыктырат. Эркин, билимдүү, ой жүгүрткөн шайлоочулар буларды колдойт. Калган шайлоочулар кандай добуш берет, алдын ала айтуу кыйын. Азыркы бийлик менен келишимге макул болуусу күмөн. Андыктан, буларды шайлоого жеткирбей жоюу керек;
  3. “Тааныштар”. Көнүмүш оппозиция. Бүгүнкү бийликте бар саясый кландардын өкүлдөрү, шайлоодо жеңишке келиши мүмкүн, жүрүм-туруму белгилүү, сүйлөшүп тил табышса болот. Андыктан, сүйлөшүп көрүш керек, бир бүтүмгө келбесе нейтрализациялоо керек. Бирок, булар менен келишим шарттуу гана болот, качан эле саясатчылар сөзүнө турчу эле? Эстесеңер, Бакиев-Куловдун даңазаланган тандеми эмне болду эле?

Шайлоо күч алып келатат. Жакында дагы көп салгылашууларга күбө болобуз. Административдик ресурс менен бийликке көз каранды телеканалдар эркин ой жүгүртүүгө каршы, саясый олигархтар жаңы күчтөргө каршы чыгат. Бул салгылашууда бийлик өзүн сактап калуу үчүн көп нерсеге даяр. Айыгышкан күрөш болот.

Мен үчүн башка суроо кызык: Кыргыз эли үчүн кайсы сценарий жакшы?

Мураскер келсе стабилдүүлүк болобу? Өлкөнү өнүгүү жолуна салабы? Күмөн. Эмне үчүн? Себеби, алты жылда болбогон өнүгүү эми болмок беле?.. Стабилдүүлүк бүгүнкү бийликтегилер үчүн гана болот, баардыгы өз кызматтарында калышат, болгону бири-бири менен кресло алмашат да, көңүл ток жүрө берет. Мураскер реформа кылайын десе да кылдырышпайт, себеби, бийликке келгени үчүн мураскердин милдети бар, ал көз каранды. Мураскер укмуштардын баарын убада кылат, бирок, эч кандай өзгөрүү болбойт. Ал колу-буту байланган, мүмкүнчүлүгү чектелген мураскер-президент болот. Карапайым эл баягыдай эле өз оокаты менен дагы алты жыл жүрө берет.

Оюмдун нускасы мындай: Кыргызстанда реформалар, өзгөрүүлөр болсун десек, бүгүнкү бийлик сунуштаган мураскер шайланбашы керек. Өзгөрүүлөр болушу үчүн жаңыча ой жүгүрткөн, заманбап дүйнө таанымы менен айырмаланган жаңы адамдар келиши керек. Ошондуктан, келерки шайлоодо эл өз оюн так билдирип, Кыргызстандын жаңылануусуна жол ачышы зарыл.

Мен шайлоочуларды терең ойлонуп, таразалап, алданбай, кыраакылык менен көз салууга чакырам. Менин терең ишенимимде Кыргызстан 21-кылымда инновациялык жол менен өнүгүшү керек. Бүгүнкү бийликте инновацияны түшүнгөн ким бар? Бийликке мураскер келсе, баягы эле кадрларды ары-бери чампалап, курулай сөз менен жүрө беребиз. Мураскер бийликке келип, артын карап, азыркы бийликке өзүн милдеттүү сезет. Бизге болсо, тескерисинче, көз карандысыз, эл алдында жоопкерчилигин сезген, алга караган, урпактардын алдында милдетин сезген жетекчи керек. Жаңы багытка жаңы адамдар гана алып бара алат. Келерки шайлоодо кыргыз эли бүгүнкү калыптанып калган саясатты өзгөртүшү зарыл. Ошондо өзгөрүүлөр болот.

Алмаз Абеков, УКМК СИЗОсу

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: