Menu

Адамкулованын адам башын айланткан жоруктарына чекит коюлабы?

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү Ж.Баласагын атындагы КУУда жамааты эки жаатка бөлүнүп, билим берүүнүн флагманы аталган куттуу окуу жайдын “ички ашканасы” тынчыбас болду. Ректор Чынар Адамкулованын буга чейинки Улуттук универге тартуулаган “өздүк реформасында” алешемдиктер болгонун парламенттеги Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко баштаган депутаттар тастыктап беришсе, анысын билим берүү министрлиги тааныбай койгону кандай? Мыйзамдуу парламент өкүлдөрү чыгарган чечимди министрлик тааныбаса, бул жагы кандай болуп калат? Бул жааттагы иштерге ачууланып, ректордун ишиндеги катачылыктарга кыргыйдай тийүүгө катылмакчы болгон Рыскелди Момбековдун күпүлдөгөнү суу кечпей калабы? Баса, жакында Адамкулованын “универди тазалап, реформага жол ачып, тазаланайын” деген тилегинин аркасы менен жумуштан куулуп калган экс-мугалимдер жамааты министр Элвира Сариева дейре кайрылышса, министр ректорду коргоого алгандай түс бергенин түшүнбөгөндөр арбын. Баса, ушул күндөрү өзүнө каршы чыккан жаалданган мурдагы мугалимдерге карай ректор Адамкулова универдеги К.Базакеева, К.Ибраев, М.Жумаев баштаган декандарды тукуруп, ызаланган тарапка “анти-митинг” уюштуруп жатканын кандай түшүнөбүз? Жетекчи катары килейген жамаатты бири-бирине тукургандын ордуна маселени дипломатия жолу менен чечиши керек эле да. Эгер Чынар айым чындап реформага баргысы келсе, универдеги матфак, экономфак өңдүү факультеттерди эзелтен бери “жыртып бүтүрүшкөн” “арааны ачылган” декандарды кызматынан албайбы? Алар качанкыга дейре жаштарга орун бошотпой, факультеттерди өз менчигиндей башкара бериши керек? Министр Элвира Сариева ректор Адамкулованын далайдан берки ишине “ак” же “көк” дебесе, анда бул иштерге Сооронбай Жээнбеков өзү кийлигишип, Сариевага кошуп Адамкулованы кызматынан шыпырбаса, абал жакшы жагына ообой калды көрүнөт.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: