Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Зарафо Рахмони дүйшөмбү күнү эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын уулу Махмад билдирди.
Анын айтымында, энесинин ден соолугу жакшы эмес, буга байланыштуу бир нече убакытка чейин ал дарыланышы керек. Андан соң гана ал журналисттер менен жолугуша алат.
Буга чейин Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу башкармалыгы Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Зарафо Рахмони мунапыс менен түрмөдөн чыгарын билдирген. Ал жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөө үчүн эки жылга эркинен ажыратылган. Жашы жете элек төрт баласы бар. Буга байланыштуу Рахмони мунапыска илинди.
Зарафо Рахмони –Ислам кайра жаралуу партиясынын укуктук маселелер боюнча кеңешчиси. Ал былтыр партиянын 13 жогорку даражадагы мүчөсү менен кошо кармалган. Аларга өлкөнүн мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзоданын тобу менен кызматташып, сентябрь козголоңуна катышкан деген айып тагылган. Быйыл июнда кармалгандар узак мөөнөткө түрмөгө кесилген. Бир гана Зарафо Рахмониге жеңил жаза каралган болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ