Жалал-Абад шаарында көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тил нормалары боюнча жазылышы катуу көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Апел Адылбекова билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик тил мыйзамын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Жалал-Абад шаарынын аймагындагы мекеме-ишканаларда, соода түйүндөрүндө илинген көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жазылышы жана жарнактардын атайын көрнөк илинүүчү жайларга илинүүсү боюнча атайын рейд жүргүзүлүүдө. Бул рейддер мурда да жүргүзүлүп келген жана шаардагы бир катар мекеме-ишканаларда жана соода жайларында илинген көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жазылышы катуу көзөмөлгө алынган. Мындай рейддер шаар мэриясы тарабынан жыл бою квартал сайын жүргүзүлүп турат.
-Бүгүн да шаардагы Н.Айтматова жана А. Чехов көчөлөрүндө текшерүү иштери жүрүп, көрнөк-жарнактарда кетирилген кемчиликтерди түзөтүү боюнча тийиштүү кишилерге эскертүү бердик. Алар биздин сунуштарыбызды 3 күндүн ичинде аткаруулары тийиш. Биз алардын аткарылышын да көзөмөлгө алабыз, – дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ