Menu

Бишкекте шеригин өлтүргөн эки киши кылмышты жашырыш үчүн маркумдун башын кесип ыргытып салышкан, анын денеси дагы деле табыла элек

Бөлүшүү:

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда жергиликтүү ЖМКлардын бири өз булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматтар боюнча, өткөн апта, 2-майда 29 жаштагы А.Ю. жана 30 жаштагы Ж.М.у. аттуу шектүүлөр маркум менен спирт ичимдигин ичип отурушкан. Алардын ортосунда чыр чыгып, уруша кетишип, жыйынтыгында окуя адам өлүмү менен аяктаган.

Алар кылмыштын изин жашырыш үчүн маркумдун башын кесип, ыргытып жиберишкен. Дененин бир бөлүгү дагы эле табыла элек. Кылмышка шектелип кармалгандар СИЗО-1 мекемесине камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: