Филиппиндин Минданао аралындагы жергиликтүү тургундар чоң питонду жутуп алган кобраны өлтүрүшкөн. Кобра күрүч талаасынан табылган. Аны көрүшкөндө, узундугу 3,6 метрди түзгөн кобранын оозунан питондун куйругунун эле учу чыгып, өзү кыймылдай албай калган экен. Мындайды көрбөгөн эл кобраны өлтүрүшкөндө, ичинен 3,3 метрлик питон чыккан. Алардын айтымында, мындай кобралардын узундугу ашып баратса 1,6 метрди гана түзөт. Мынчалык узун кобраны алар биринчи жолу көрүп олтурушат. Видеону караңыз:
Ал эми торала питондор дүйнөдөгү эң узун жыландардын катарына кирет, эң узуну – 7 метрге жетет. Бул окуя жергиликтүү окумуштууларды да кызыктырып олтурат. Эми алар кобраларды жакшылап текшеришмей болушту.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ