Menu

Кыргызстанда жаңы автономур белгилери түгөнүп калды

Бөлүшүү:

Айдоочулар “Унаа” мамишканасындагы автономур даярдаган пластиналар түгөнүп калганын айтып, акыркы кездери мамлекеттик номур белгилерин ала албай жатышканын айтышууда.

Мамлекеттик каттоо кызматы да бул маселени четке каккан жок. Азыр чындап эле номурларды берүү кыйынга туруп жаткан учуру  экен.

“Биз жаңы номур белгилерин даярдоо үчүн тендер жарыяладык. Тендердин шартына ылайык, катышкан тарап пластиналар менен бизди бир айдын ичинде камсыз кылууга тийиш. Ошондо номур белгилерин бере баштайбыз”, – дейт Мамкаттоонуну басма сөз кызматы.

Эгерде автоунаа Бишкекте катталган болуп, жаңы кожоюну да борбордо катталган болсо, анда ал номурун алмаштырбай деле койсо болот. Атүгүл азыр колдонулган номурларды берүү жагы да каралып жаткан экен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: