Menu

2018-жылдын жыйынтыгында салыктан 2,5 млрд сом, бажыдан 1,8 млрд сом көлөмүндөгү каражат түшүп калган

Бөлүшүү:

2018-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда, пландагы салыктык көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,5 млрд сом, бажыдан 1,8 млрд сом түшүп калды. Быйыл дагы жыл аягына чейин 3-4 млрд сомдун түшүп калуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы маалымдайт.

Каржы министринин айтымында, адатта Салык кызматы менен Бажы кызматына жогорулатылган план берилет. «Мисалы, өткөн жылы бажы алымы 14 пайызга, ал эми салыктык киреше 7 пайызга өскөн. Быйыл дагы салык көлөмү 10 пайызга чейин өсөт деп турабыз. Бул ички дүӊ өнүмдүн өсүшүнө караганда кыйла жогору», – деди ал.

Депутат Иса Өмүркулов «Андай болсо Эсептөө палатасынын аудиторлору башка нерселерди жазып салышкан го?» деген собол салды. «Силер айткан 3,5 пайыздык өсүш ички дүӊ өнүмдөн келип чыгууда. Баары бир өсүш берип жатасыӊар. Демек, силер салыктык кирешелерди көбүрөөк пландагансыӊар, аны толук чогулта албайсыӊар, туурабы? Быйылкы бюджеттен канча каражат түшүп калышы мүмкүн? Менимче, Салык кызматынын башкаруусунда көйгөйлөр бар окшойт», – деди ал.

Министр Салык кызматы быйылкы планды аткаруу аракетин жасап жатканын, ал эми Бажы кызматы Казакстан чегарасындагы жагдайга байланыштуу пландан артта калганын айтты. «Аудиторлор пландан артта калгандыгы тууралуу айтып жатат. Биз өсүү темпи жөнүндө айтып жатабыз. Жагдайды талдай келгенде, быйыл дагы жыл аягына чейин 3-4 млрд сомдун түшүп калуу коркунучу бар», – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: