Menu

7-8-августта Кой-Ташта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамкомиссиянын мүчөлөрү УКМКда көчмө жыйын өткөрүштү

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кезектеги жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтарды тааныштырды.

Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевди, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди чакыруу чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: