Menu

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бизнес өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ишкерлер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ал КР Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш тарабынан уюштурулган.

Төрага Дастанбек Жумабеков куттуктоо сөзүндө ишкерлерге экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. «Өлкө экономикасын өнүктүрүүгө ар бириӊиздердин кошкон салымыӊыздар бар. Азыр республикада чакан жана орто бизнес жигердүү өнүгүүдө. Биздин башка милдетибиз – кыргызстандыктардын үй-бүлөлөрүн татыктуу камсыздашы үчүн аймактарда жумушчу орундарын түзүү. Парламенттик корпус Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш аркылуу бизнес өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып жатат. Маселен, парламентчилер чакан жана орто бизнести колдоого багытталган мыйзамдардын топтомун кабыл алып беришти. Ошондой эле, учурда өзгөчө эркин экономикалык аймактар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Келечекте сиздер чоӊ демөөр менен жаӊы-жаӊы бийиктиктерге жетериӊерге бекем ишенем. Биз баарыбыз өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызыкдарбыз»,- деп баса белгиледи Дастанбек Жумабеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин Төрагасы бир катар ишкерлерге эстелик үчүн белектерди берип, ал эми ишкерлер Орозалы Багышбековго, Зулфия Бекмурзаевага, Адылбек Алымовго жана Гүлмира Садыковага Жогорку Кеӊештин Ардак грамотасын тапшырды.

Мындан сырткары, Жогорку Кеӊештин депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Алтынбек Сулайманов дагы ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттукташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: