Menu

Түркмөнстанда жаңы аэропортту курган компания өкүлдөрү президентке чакырылды

Бөлүшүү:

1-январда Ашхабаддагы жаңы эл аралык аэропортту курган Полимекс түрк курулуш компаниясынын өкүлдөрү президенттин администрациясына чакырылышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жеке булактарына шилтеме кылып билдирди. Буга чейин курулганына бир нече гана ай болгон аэропорттун имараты чөгүп, терезелер сынып, коммуникациясы жарактан чыккандыгы кабарланган.

Маалыматка караганда, 2,2 миллиард АКШ долларына бааланган долбоорду ишке ашырган Полимекс компаниясынын өкүлдөрүнөн имараттагы көйгөйлөрдүн жаралуу себептерин жана ал маалыматтардын кантип ММКларга жайылып кеткендигин түшүндүрүп берүүнү талап кылышкан.

«Алгач аба майданда болгон окуяны президенттен жашырышкан. Кийин ал тууралуу белгилүү болгон соң имараттагы көйгөйлөр үчүн гана эмес, маалыматтын ММКларга жайылып кеткендиги боюнча да чоң жаңжал чыкты», – деп билдирген булак.

Учурда имараттагы кемчиликтерди жоюу боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын чөгө башташынын себептерин изилдей турган жергиликтүү жана чет элдик адистердин тартылгандыгы кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: