Menu

9-класстан кийин окуусун улантпай жүргөндөр эч жерде окубай, расмий иштебегендердин 28 пайызын түзөт

Бөлүшүү:

ЖК депутаты Мирлан Жеенчороев демилгелеп жаткан «Билим берүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына болгон өзгөртүүлөр жалпы билим берүү 11 – класска чейин милдеттүү болсун, – деген талапты камтыйт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков “Парламент” радиосуна пикир бөлүштү. Министрдин орун басарынын маалымдашынча, бир жылда 9 – классты 90 миңдей бүтүрүүчү аяктаган болсо, алардын 60 миңдейи 10 – 11 –классты окууну улантууда. 10 миңдейи кесиптик – техникалык окуу жайларына тапшырып, окуп жатса, дагы колледждерге тапшыргандары 14 миңге жакын окуучуну түзөт. Азыр депутат демилгелеп жаткан мыйзам долбоору 9 – класстан кийин окуусун улантпай, ара жолдо калган 7 – 8 миңдей окуучунун тагдыры татаалдашпасын деген таризде сунушталып, алардын мектепти толук бүтүүсү шарт деген талап коюлууда.

Эмгек рыногунда жумушчу орундарга суроо – талап жогорулап жатат. Бул жакшы динамика. Депутат М.Жеенчороев демилгелеп жаткан мыйзамдын өзгөртүүлөрүн колдойт элем, – дейт ошол эле парламенттик радиого курган маегинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы кесипчилик – техникалык агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов.

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жүргүзүлгөн агенттиктин сурамжылоолорунда белгилүү болгондой, Кыргызстанда 15 жаштан 24 жашка чейинки 1 млн. 100 миң улан – кыздарыбыз бар. Алардын 28%ы эч жерде иштебейт экен. Бул  300 миңге жакын жаштар, – деген сөз. Эгер бул топ окууларын уланта албай калышса, 18 жашка чыкмайынча ишке дагы расмий орношо албагандыгы аларды ыңгайсыз абалга калтырууда, – дейт аталган агенттиктин жетекчиси.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: