Menu

Мирзиёев АКШнын мамлекеттик катчысы жана коргоо министри менен жолукту

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана коргоо министри Жеймс Мэттис менен Вашингтондогу расмий сапарынын алкагында жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жеймс Мэттис НАТОнун Ооганстандагы операцияларын колдогондугу, ошондой эле аймактагы коңшулары менен жакындашуу аракеттери үчүн Өзбекстанга ыраазычылык билдирди.

Пентагон башчысы Өзбекстан менен НАТО аймактагы коопсуздук тармагында жалпы кызыкчылыктарга ээ экенин белгиледи. «Биз контртерроризм жана чек арадагы коопсуздук тармагында Өзбекстан менен мындан дагы тыгыз иштөө ниетиндебиз», — деди Мэттис. Анын айтымында, Вашингтон менен Ташкент стратегиялык өнөктөштүктүн «позитивдүү жаңы сезонуна» багыт алууда.

Күн мурун «Стартегиялык өнөктөштүктүн жаңы доору» деп аталганбиргелешкен билдирүүдө Трамп Өзбекстанда бийликке Мирзиёевдин келиши менен бул өлкө саясий, экономикалык жана социалдык реформалар боюнча алдыга жылганын белгилеген.

Өз кезегинде Мирзиёев өлкөсүндө адам укуктары жаатында буга чейин жетишилген жылыштар «артка кайткыс» экенин айткан. Ошондой эле ал соттук реформага, мыйзам үстөмдүгүнө, экономикалык либералдашууга, социалдык өнүгүүгө, ошондой эле ачык жана конструктивдүү тышкы саясаттын болушуна түрткү боло турган «Аракеттердин беш жылдык стратегиясы» бар экенин билдирген. Соңунда эки лидер тең Ооганстанда терроризмге каршы күрөшүү, тынчтык орнотуу, туруктуулук жана экономикалык өнүгүү боюнча биргелешкен иштерди калыбына келтирүү тууралуу макулдашкан.

Андан тышкары Мирзиёев Өзбекстан Дүйнөлүк соода уюмуна кошулууга аракет кылып жатканын билдирди. Өз кезегинде Трамп Ташкент өзүнүн соода-экономикалык саясатын либералдаштыруу боюнча аракеттерин улантып жаткандыктан, АКШ аларды Дүйнөлүк соода уюмунун стандарттарына жеткирүү үчүн техникалык жактан жардам бере турганын айтты.

Мамлекеттик департаменттен билдиришкендей, Өзбекстан президентинин Вашингтонго болгон сапарынын алкагында эки өлкөнүн чиновниктери билим берүү тармагы боюнча эки тараптуу келишимге дагы кол коюшту.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: