Menu

Аксакалдын алкоосу: “Түгөлбай, сен чындыгында баатырдын ишин бүтүрдүң”

Бөлүшүү:

Эли-журтум, Кудайга миң мертебе шүгүр, байыркы мезгилде жашап өткөн апабыздын сөөгү, окумуштуубуз деген көр казгычтар тарабынан казылып алынып, 60 жыл бою музейлерде шардана болуп, эми өз мекени Баткен жергесине кайрадан жерге берилгенине. Атеисттик тарбия биздин аң- сезимибизди тумандатып салган экен, уялбай музейге барып баба апабыздын жылаңач денесин көрүп, эч бир ойлонбой келгенбиз. Эмне деген шермендечилик, уят, ким жана кайсы эл энесин ушинтип жылаңач коюп коёт?  Мейли, Совет доору өттү дейли , эми биз өзүбүз туура жашай баштайлы. Апабызды көмгөнгө каршы чыккандар булар – кыргыз эмес. Булар калмактар. Бизди, кыргыздарды динден чыгарып каапыр кылгылары бар. Тарыхый булактарда мурунку бир замандарда калмактар деле мусулман болгон экен. Бирок, шайтан алейхи бир Калмактын айкелин жасап ага сажда кылууну буйруптур. Калмактын баары бул айкелге сажда кылышыптыр. Айкелдин үстүнө “чочконун эти адал” деп жазып коюп, аны жеген соң каапыр болушуптур. Бул маалымат Аксылык Сайпидин жана анын уулу Нурмухаммед тарабынан 15-16-кылымдарда жазылган “Мажму аттаворих” китебинин 25-бетинде жазылып турат.

Мусулманчылыкта атасынын, энесинин сөөгүн музейге коюш жок. Мындай көрүнүш каапырларда бар. Жанагы өздөрүн окумуштуусынгандар ошол каапыр калмактардын тукумунан го дейм. Болбосо каада, салт дегенди билбеген бир анык маңкурттар деп ойлойм. Жашым жетимишке келгичекти далай эле нерселерди көргөм, бирок «фейсбуктагы» айрым бир өзүн кыргызга күйгөн адам кылып көрсөткүсү келген каапырлардын жазганын окуп алып, кейип, ой кошкум келди. Кудай бизге далай сырларды ачты, көрсөттү, даражабызды көтөрдү. Элибиз, журтубуз, президент, өкмөт үчүн дуба кылып келебиз.

Эгемендүүлүккө жетип элибиздин жолу ачылды. Чачырап кеткен кыргыз бириге баштады. Биригүү алгач асманда болду, рухтардын башы кошулду. Ошол себептен да антеннасы күчтүү, касиеттүү замандаштарыбыз бул маселени демилгеге алышып ак үй-көк үйгө барып айтышты. Министр Түгөлбай Казаков туура түшүнүп, чечим чыгарып жоопкерчиликти алганы анын азаматтыгы.

Быйыл 2017-жылы биригүүнүн байрагы тигилди. Апабыздын сөөгү жерге коюлары менен Кыргызстанга эки нур түштү. Бирөө Алтайга кетти, Үкөк апабызга (Алтайская царица). Бул апабыздын сөөгү Бийск шаарынын музейинде турганда жер тынбай титирей бергенден кийин Алтайга кайтарууга орус бийлиги чечим чыгарышкан жана ага атайын Горный Алтай шаарында мавзолей куруп, сактоого бардык шарттарын түзүшкөнү маалым.

Элибизде “Эсиң барда этегиңди жап!” деген накыл сөз бар. Эсибизге келелик. Кайдагы бир акмактар кыргызга каршы иш кылып, ар кандай пресс-конференция кылгандарын көрүп итатайым тутулду. Кайра казып келиш керек дегендер булар кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин душмандары. Бизде деле, түштүк региондо жыл сайын жер көчкөнүн эмнеден болуп атат деп ойлошпойбу, жанагы окумуштуу сөрөйлөр. Эгер ага барышса элибиз түп көтөрүлөт. Же аларга ошо керекпи?

Энебиздин сөөгүн жерге берүүгө чечим чыгарып берген министр Түгөлбай Казаковго ыракмат. Атыңа жараша үй-бүлөң, укум-тукумуң түгөл болгула, айланайын. Апабыздын сөөгүн агарттың, кыргыз элинин жолун ачтың 21-кылымга карата. Өкмөт тарабынан Түгөлбайга сыйлык берилсин. Баатыр деген наам берилсе туура болот. Түгөлбай, сен чындыгында баатырдын ишин бүтүрдүң. Арбак ыраазы болмоюн эл оңолбойт. Биз тамыры жок батышты туурабашыбыз керек. Кыргыз гайыб ааламы менен байланыштабыз, ошол жол менен барышыбыз керек. Бул жол чоң жашыруун сыры бар аруулардын (олуялардын) жолу.

Айтбек аксакал

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: