Menu

Бегалы Наргозуев: “Мени СДПКчы Иса Өмүркуловдун “Де факто” гезити чет элдик атайын кызматтардын агенти деп жарыяласа, “Ата-Журтчу” Ташиевдин сайты ички кызматтардын агенти деп, супершпион кылып салышты.”

Бөлүшүү:

Өткөн жумада эң башкы СДПКчы Иса Өмүркуловдун “Де факто” гезити мени чет элдик атайын кызматтардын агенти деп атады. Бирок кайсы мамлекеттер үчүн иштеп, кандай маалыматтарды берип жатканым тууралу бир да факт жаза алышкан жок. Ал эми эң башкы “Ата-Журтчу” Камчыбек Ташиевдин “Саясат” сайты мени ички кызматтардын оппозицияга киргизилген агенти деп жарыялады. Бирок кайсы оппозиционерлерге каршы кандай фактыларды берип жатканым тууралу бир да фактысы жок. Ошондо мен эки тарапка тең иштеген кош (двойной) агент болуп чыктым. Супер шпион! Джеймс Бонд биякта калат. Мен өзүмдү мынчалык жогору баалаган эмес элем. Баса, супер шпион Джеймс Бонд  кыз жандуу болгон эмеспи, Иса Өмүркуловдун да, Камчыбек Ташиевдин да ММКлары, экөөсү тең мени бул жагынан да окшоштуруп, супермачо кылып салышыптыр.  Эми аман эле болушсун!
Шпиомания күч алууда. Буга чейин Адил Турдукуловду чет элдик кызматтардын агенти деп жарыялашкан. Кечээ, жума күнү Равшан Жээнбековду да чет элдик кызматтардын агенти деп жар салышты. Ал эми укук коргоочуларды эбак эле чет элдик кызматтардын шпиондорунун тизмесине киргизип коюшкан. Бийликти сындагандардын баарын шпион деп жамандап, бирок  бир дагы шпиондорго тиешелүү далилдерди келтире алышпайт. 1937-жылдын карааны көрүнүп келатпайбы?
Бегалы Наргозуев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: