Menu

Кытай элчилигинде теракт уюштургандар аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт уюштургандардын тек-жайы аныкталганын кабарлады. Маалымдалгандай, жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн, курамына уйгурлар да кирген “Жабхат-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталды.

Теракт уюштурууга шектелип, беш киши колго түштү. Төрт адамга издөө жарыяланды. Алардын баары Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Ал эми жардырууну ишке ашырган адам 33 жаштагы уйгур тектүү адам экени, Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталган.

УКМК кабарлагандай, анын аты-жөнү Зоир Халилов болгон. Кыргызстанга 20-август күнү кирген. Ал “Чыгыш Түркистан ислам кыймылынын” мүчөсү экени аныкталган.

30-августта эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин короосунда жанкечти унаасын жардырып, мерт болгон. Андан элчилик имараты жана жакын жайгашкан үйлөр зыян тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: