Menu

Турсунбек Акун, Кыргызстан демократиялык кыймылынын төрагасы: “Президент мөөнөтүнөн мурда бийлигинен кол жууп калышы мүмкүн…”

Бөлүшүү:

Өлкөбүздө ушул тапта аткаруу бийлигинин ролун ченемсиз көтөрүү абзел! Ушуга улай Өкмөт башчысынын дагы макамы токтоосуз түрдө жогорулатууга муктаж! Бирок, дал ушундай чечкиндүү кадамдарды азыркы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев эмес, андан кийин гана шайланган президент жүзөгө ашырганы оң жана мыйзамдуу. Ушул жана башка өңүттө Кыргызстанды демократиялык кыймылынын (мындан ары КДКнын) төрагасы Турсунбек АКУН кабарчыбыз менен ой бөлүштү.

– Турсунбек мырза, өлкөбүздө эң алгач түптөлгөн Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДКны) кайрадан тирилтип, моминтип жетектеп дагы жатасыз. Дегеле президент Алмазбек Атамбаевдин соңку кадамдарына не дээр элеңиз?

– Сөз жок! Башмыйзамыбызда башынан эле “2020-жылга дейре өзгөрбөйт!” деп бадырайта жазылган. Ошондуктан, аны эптеп шылтоо таап, мөөнөтүнөн мурда өзгөртүү-реставрациялоо далбасасы азыркы бийликке, анын ичинде президент Алмазбек Атамбаевге дагы эч качан абийир алып келбейт! Чындыгында, бул кадам өтө опурталдуу! Ошого карабастан өлкө жетекчиси от менен ойноп жатпайбы. Бул туурасында таанымал инсандар, белгилүү серепчилер, дасыккан саясатчылар, дегеле Баш мыйзам жөнүндө түшүнүгү бар жарандар бүт айтып-деп, дагыле канкакшап жатышат. Тилекке каршы, коомчулуктун мындай калыс пикирин президент Алмазбек Атамбаев, ошондой эле анын командасы укчудай жана тоготчудай түрү жок!

– Дегиңкиси Алмаз Шаршеновичдин күтүүсүз демилгеси негизинен туурабы?

– Ооба. Баш мыйзамыбыз убагында өтө эле шашылыш жазылып, ашкере чийки кабыл алынган. Муну моюнга алуубуз парз. Азыркы күндүн зарылчылыгына жараша аткаруу бийлигинин ролун өтө жогорулатып, премьер-министрдин макамын токтоосуз түрдө көтөргөнүбүз оң! Мындан башка дагы бир катар оңдоп-түзөөгө муктажбыз. Бирок, бул конституциялык өзгөртүүлөр азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда эмес, 2017-жылы шайланган өлкө башчысынын мезгилинде гана өзгөртүлүшү кажет! Эгерде президент Алмазбек Атамбаев айтканынан азыр кайтпаса, өзү эле мөөнөтүнөн мурда бийлигинен кол жууп калышы дагы толук ыктымал.  Мунун биргездеге үзөңгүлөштөрү – Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү дагы эскертишпедиби. Чындыгында, Алмаз Шаршенович, 2010-жылдагы убадаңыз канакей?

– Эмне, ушинтип атып референдум дагы өтпөй калышы толук ыктымалбы?

– Ооба. Президент Алмазбек Атамбаев жана анын кошоматчылары азыр деле референдум демилгесинен баш тартышса, эч кеч эмес! Антишпесе, өлкөбүздө референдумдун айынан бара-бара коомдук-саясий акыбал ого бетер курчуйт. Мунун акыры Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетиши менен бүтүшү дагы толук ыктымал!

– Канткенде дагы, танып не, азыркы күндө Кыргызстанда стабилдүүлүктүн сакталып турушунда президент Алмазбек Атамбаевдин мээнети абдан чоң эмеспи?

– Сөзсүз! Алмазбек Атамбаев жетектеген беш жыл аралыгында Кыргызстанда толук кандуу бейпилчилик орноду. Өкмөт тез-тез алмашса дагы, экономикабыз улам турукташып баратат. Стратегиялык алкактагы жолдор бүткөрүлүп, маанилүү социалдык обьектилер дагыле салынып жатат. Мектеп куруу абдан жакшы сатка айланды. Улуттук каада-салттарыбыз кайрадан тирилтилип, андан ары жандандырылып, заманбап нукка салынды. Ошондуктан, Кыргызстанда көчмөндөр оюндары экинчи ирет өткөрүлүп жатканы дагы бекеринен эмес!

Эң башкысы:Алмазбек Атамбаев адегенде эле таза иштегенге бекем ыктап, үй-бүлө мүчөлөрүн, бир туугандарын бийликке таптакыр жолоткон жок! Анан бара-бара өзүнө мураскер даярдоодон дагы караманча баш тартты.

– Турсунбек мырза, абдан баамчыл элеңиз. Алмазбек Атамбаев акыркы мезгилде авторитардык башкарууга бекем ыктап бараткандыгын байкабай калдыңызбы, ыя?

– Кантип? Алмазбек Шаршенович соңку жылдарда авторитардык башкарууга бекем ыктап бараткандыгы таасын эле байкалат. Маселен, Атамбаев өзү – Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (мындан ары КСДП) мурдагы төрагасы. Ал эми Жогорку Кеңештин азыркы спикери Чыныбай Турсунбеков парламенттеги КСДП фракциясынын башчысы эмес беле. А КСДПнын дагы бир активдүү мүчөсү Сооронбай Жээнбеков ушул тапта Кыргыз Өкмөтүн башкарып олтурат. Мына сага авторитардык режимдин кашкайган үлгүсү! Ошентип, кичинекей Кыргызстанды бүт КСДПчылар гана ээлеп жана менчиктештирип алышты. Ошону үчүн президент Алмазбек Атамбаев жакын арада бул жолунан артка кайтып, бийлик бутактарынын абдан калыс бөлүштүрүлүшүнө токтоосуз ыктоосу абзел! Антпесе, дагы бир элдик көтөрүлүүгө сөзсүз кабылабыз, эй!

Кепке тарткан Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: