Menu

“Дүрбөлөңчү” Илим Карыпбеков

Бөлүшүү:

Өткөн апта соңунда Үңкүр-Тоону коргоо боюнча комитети “жалпы коомчулукка туура эмес маалымат берип, элди дүрбөлөӊгө салгандыгы үчүн Илим Карыпбеков отставкага кетсин!”- деген талап койду.

Ошону менен катар Москвадагы басмаканалардын биринен чыккан өрт 14 кызыбыздын өмүрүн алып, жалпы журт кайгыга батып турганда КТРКнын көңүл ачуучу программаларынын эфирге чыгып турганы жана жаңылыктарында Атамбаевдин күлүп түшкөн сүрөтүн коюп көрсөткөнү коомчулуктун кыжырын огобетер келтирди. Муну көпчүлүк эл шылдың катары кабыл алды. Ошондуктан, соцтармактардагы комментарийлерде: “бизди минтип шылдындаган Карыпбеков тезинен кетип жоголсун”- дегендер көп болду.

Аксылыктарда да чынында өзүнчө трагедия орун алып жатпайбы. Анткени чек араны коргоп, радио-релейлик станцияда акыркы кезде өзбектердин провокацияларына карабай баатырдык менен иштеп аткан төрт адамды тик учак менен келишип, кармап кеткенден бери дайындары жок. Өзбекстан жада калса биздин расмий бийлик өкүлдөрүнө алардын дайынын айтпай койду. Ушул чакта КТРК Үңкүр-Тоону “2006-жылы 3-октябрда ошол мезгилдеги президент К.Бакиев Ташкент шаарында  № 20-протокол менен сатып жиберген” деген такталбаган маалыматты таркатып, Аксы элин дүрбөлөӊгө салды. Муну менен эле чектелип калбастан, эл уулдары, чек ара көйгөйүн азыр ачык айтып жаткан Азимбек Бекназаров менен Адахан Мадумаровду да Бакиевге кошо “жер сатар” кылып салганы – чектен чыккандык да! “Адамды каралаштын, көө сүртүүнүн да чеги болот! Мындай каралоолор биздин жетекчилердин иш жүргүзүү ыкмасы болуп калды! Элди ынтымака чакыруунун ордуна бөлүп жаруу менен алектенип, жатасыӊар!”,- деди Үңкүр-Тоону коргоо комитети. Аталган комитет КТРК сөз кылган №20-протоколдо Үңкүр-Тоо тууралуу эч кандай сөз болбогонун билдирип, коомчулукка туура эмес маалымат берип, элди дүрбөлөӊгө салгандыгы үчүн КТРКнын генералдык директору Илим Карыпбеков тактоо берип, отставкага кетишин талап кылды.

Ал эми Москвадагы кырсыкка байланыштуу КТРКга коюлган дооматтарды И.Карыпбеков кантип четке какты? “КТРК социалдык тармак эмес, дароо реакция жасап, программалык сетканы оңдоп коюу убакыт жана атайын шарттарды талап кылат”,  “КТРК жана жалпы башка ТВ компаниялар Президентибиздин интернеттеги, же болбосо колунда бар сүрөттөрдү чыгара беришпейт, ага укугубуз жок. Биз Президенттин Аппараты менен макулдашылган сүрөттөрдү гана беребиз”, “президентибиз күлгөн да жок, кайгырган да жок”, “Кимибиз катуурак кайгырып атабыз деп элге жарыялап, көрсөтүүнүн дагы кажети жок болсо керек”,- деген сыяктуу сөздөр. Башкага, мисалы кетирген күнөөсүн моюнга алып, элден кечирим суроого бул баланын деңгээли жетпейт окшойт.

КТРК буга чейин кыжырды келтирген ишмердүүлүгүнүн айынан эки төңкөрүштүн чыгышына салым кошкон. Илимдин тушунда КТРК эзелки “кара жащиктен” да өтүп кетти. Анын кылык-жоруктары бийликке эч аброй алып келбейт, тескерисинче, бийликке болгон элдин нааразычылыгын күчөтүп жатат. Өлкөдө туркусуздук, башаламандык орун алышына салым кошушууда. Анда бийликтегилер эмне эле Илимдин айтканына чыга албайт? Андан башка менеджер, же татыктуу жетекчи куруп калыптырбы?

Р.S. И.Карыпбековдун КТРК ичиндеги кезектеги кылыктары тууралуу кийинки санда кеп улайбыз.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: