Menu

Өзбекстанды дүйнөлүк державалар талашууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанды 26 жыл темирдей тартип менен башкарган Ислам Каримов оо дүйнө салгандан кийин Борбор Азиядагы калкынын саны жана экономикасы боюнча лидер бул өлкөнүн “мындан аркы тагдыры кандай болот?”- деген суроо ар бир жөнөкөй адамдардан тартып, улуу державалардын лидерлерине чейин ойлонтууда.

Анткени АКШ, Россия, Кытайды айтпаганда да, Азия жана Жакынкы Чыгыш аймагынын лидерлери Иран, Түркия, Индиянын да кызыгуусун жараткан бул постсоветтик мейкиндик СССР кулаган чейрек кылымдан бери дүйнөлүк жана регионалдык лидерлердин талашын жаратып келүүдө. Бирок кыраакы жана советтик партиянын мектебинен такшалып чыккан И. Каримов өз өлкөсүн нейтралдуу абалда кармап, бир жактуу болуп кеткен жок. Баарынан да ислам радикализми жана Батыштын демократиянын терисин жамынган саясатын жүргүзүүгө жол бербеди.

Ал эми баш көтөргөндөрдү аёосуз түрдө жазалап, камап, куугунтуктап, керек болсо 2005-жылы майдагы Андижан окуясы сыяктуу козголоңдордо миңдеген адамдардын канын суудай агызып болсо да басып турду. Бирок И. Каримов канчалык диктатор болбосун, АКШ, Россия жана башкалар менен тең ата сүйлөшүп, алар башында турган эл аралык уюмдарга кааласа кирип, жакпаса чыгып кетип турду. Анткен менен адам өмүрү сыяктуу эле бийликтин тигил же бул формасы эртеби, кечпи өз ресурсун түгөтүп, башкача түзүлүшкө орун бошотуп берери тарыхтан белгилүү. Сыягы, Өзбекстан да бүгүнкү күндө ушундай абалда турат. Самарканддык И.Каримовдун теги таза өзбек эмес, атасы өзбек. Апасы тараптан еврей экендиги аны көзү өткөндөн кийин гана айтылууда. Демек, анын бийликке келүүсү да кокустук болгон эмес.

Эми мындан ары анын ордун баса турган өзбек президенти кандай саясат жүргүзөт, диктатордук башкаруу улантыла береби же… Азырынча президенттин милдетин Конституция боюнча Олий Мажилистин (Парламент) төрагасы Нигматилла Юлдашев аткарган менен келерки президент премьер-министр Шавкат Мирзиёев боло тургандыгына басым жасалууда. 69 жаштагы Ш.Мирзиёев Жизак облусунан (кыргыздар көп жашаган) болот. Алгач өз кичи мекенинде, андан соң И.Каримовдун кичи мекени Самарканд облусунун хокими болуп иштеп, 2003-жылдан бери өкмөт башчысы кызматын аркалап келатат. Ал өзгөчө 2005-жылдагы Андижан окуясын басууда өзүн көрсөтүп, И.Каримовго жаккан дешет. Ошондуктан мураскер катары даярдалып жүргөн.

Жогоруда И.Каримов тууралуу айтылгандай, Ш.Мирзиёев деле бийликке кокусунан аралашып, мураскерликке бекер тандалган жок. Анын артында колдоочулары бар. Айрым маалыматтар боюнча 1957-жылы туулган Ш. Мирзиёев Жизакка 1960-жылы Тажикстандын Өрө-Төбө районунан көчүп келген. Ошондой эле Россиянын жана дүйнөнүн эң бай адамы, президент В.Путинге таасири бар тогуз россиялык олигархтардын бири Алишер Усмановдун алыскы туугандарынан боло тургандыгы да айтылууда. Ал эми 20 млрд. доллар байлыгы бар, түбү намангандык А.Усманов өзүнүн түпкү мекениндеги саясый кырдаалга кайдыгер болбосо керек…

И.Каримовдун тажиясына КМШ аймагынан Тажикстандын президенти Э. Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Г.Бердумухамедов катышып, Россия, Казакстан жана Кыргызстандан премьер-министрлер барышты. Себеби ошол күнү Кытайда Чоң жыйырмалыктын саммити башталып, Россия менен Казакстандын президенттери бошобой калса, Кыргызстандын президенти Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну ачылгандыгынан улам баралбады. Бирок В.Путин 5-сентябрда Кытайдан эле түз 6-сентябрда Самаркандга жол тартарын билдирип, “Албетте, эртең Каримовдун мүрзөсүнө зыярат кылуу үчүн Өзбекстанга барам. Ал киши менен жакшы мамиледе болчумун”,- деп, 6-сентябрда маркумдун сөөгү коюлган жайга барып, гүл койду.

Чоң саясатта мамлекет башчылардын иш сапарынын, болгондо да президенттер көз жумганда анын сөөгүн жерге берүүдө комиссияны ким башкарарынын мааниси чоң. Андыктан Ш.Мирзиёевдин сөөк коюу комиссиясын жетектеп, тажия учурунда сөз сүйлөөсү жана даярдык иштеринин башында туруусу анын И.Каримовдун ордун басарынан кабар берүүдө. Болгондо да Россия премьер-министри Д.Медведевди кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Ал тургай Өзбекстан ЖККУга кайра кирери айтылууда. Демек, аны Россия колдоодо жана мындан ары Өзбекстан бул өлкө менен тыгыз кызматташтыкта болот. Баса, И.Каримовдун тажиясына АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керринин келери да айтылып, бирок кийин келген-келбегендиги белгисиз болуп калды. Демек, бул державанын сөөк коюу расмисинен четке сүрүлүп калгандыгы, Өзбекстандын эртеңки тагдырына да кийлигишүүдөн четтетүү аракети болуп саналат.

Ошол эле учурда Сурхандарья облусунда Ш. Мирзиёевдин президенттикке талапкер болуп катталышына  жергиликтүү эл каршы пикирин жарыялагандыгы маалымат каражаттарына жарыяланууда. Бул тууралуу Өзбекстандын оппозициялык “ЭРК” партиясынын учурда Украинада баш калкалап жүргөн лидери Дустназар Худойназаров кабарлаган. Анын айтуусунда, Өзбекстандын калкы, өзгөчө түштүк тараптагылар Ш.Мирзиёевди “ырайымсыз, каардуу адам” деп эсептешет.

Худойназаровдун айтуусунда, маркум президенттин тегерегиндегилер Каримовдун көзү өткөндө эмне кылууну бир нече ай мурда пландаштырып, даярдык көрүшкөн. Ал тургай баардыгы майда-чүйдөсүнө чейин эске алынып, шайлоодо бийликтин бир адамы жеңип чыгарына шарт түзүлгөн. Анткен менен эл өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга өтө нааразы, кедейчиликтен калктын үчтөн бири же 10 млн. адам Россия, Казакстан жана башка чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. “Өзбекстанда оппозициянын көптөгөн тарапташтары бар, биз шайлоонун таза өтүшү үчүн аракет кылабыз. Бирок бийлик баардык каршылыктарды исламисттердин козголоңу катары жарыялап, ырайымсыз түрдө басып коюшу мүмкүн”,- деди ал.

Худойназаров каршылык акциясы эгер Каримовдун командасындагылардын ортосунда бөлүнүү пайда болсо, кеңири кулач жаярын кошумчалаган.

Мындан тышкары көп жылдан бери Түркияда жашырынып жүргөн “ЭРК” партиясынын дагы бир лидери Мухамед Салих “Азаттык” радиосуна берген маегинде мындай деген: “Азыр алдын ала бир нерсе айтууга болбойт. Орун бөлүштүрүүдөн кийин кырдаал кандай болорун байкап туралы. Мен бул тууралуу сүйлөшүү болду деп ойлойм. Премьер-министр Мирзиёев менен анын орун басары Азимов келечекте Өзбекстанды башкаруу тууралуу консенсуска келгенин уктум. Диктатор бийликтен кеткенде күтүлбөгөн нерселер болушу мүмкүн. 2005-жылы Каримов тынч элге ок аткандан кийин пайда болгон “Анжиян синдрому” унутулуп калды. Каримовдун өмүрүнүн акырында көчөдө, мектепте, мамлекеттик мекемелерде ага каршы ачык эле сүйлөшүп, эл оюн ачык айтуудан коркпой калган. Андыктан келечекте баарын күтүүгө болот. Эгер эл өз укугун талап кылса, Өзбекстанда каримовдук саясаттын күнү бүтүп, абал өзгөрүшү ыктымал. Биз кырдаал жакшы жагына оойт деп күтүп жатабыз”.

Кыскасы, чейрек кылым диктатуралык режимде жашаган Өзбекстан жарылуу абалында турат. Бул “жардыргыч затты” ага өз таасирин таңуулаган дүйнөлүк державалар ыргытышы мүмкүн. Анын кесепети дүйнөлүк саясатка, эң оболу кошуна мамлекеттерге кандай таасир берери даөтө маанилүү…

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: