Menu

Талас облусу менен Казакстандын Жамбыл облусу экономикалык, соода жана маданий байланыштарды жакшыртуу боюнча Меморандумга кол коюшту

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Талас облусунун жана Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун жетекчилери жана делегация өкүлдөрү Талас шаарында жолугушушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-казак элинин достук жана ишкер жолугушуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев, Казак Республикасынын Жамбыл облусунун акими Карим Кокрекбаев жетектеген эки коңшу облустун райондорунун акимдери, облустардын айыл чарба жана суу чарба тармагын жетектеген жетекчилер, айлана–чөйрөнү жана жаратылышты коргоо, өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыктарынын, ошондой эле ички иштер башкармалыктарынын жана чек ара кызматтарынын жетекчилери катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки коңшу облустардын суу чарба, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматкерлери, чек арага жакын жайгашкан райондордун акимдери тийиштүү маселелер боюнча маалыматтарды беришип, анда соң кызматташтык маселелери боюнча жалпы талкуулар болуп, жыйынтыгында эки облустун кызматташтыгын мындан ары да жакшыртуу боюнча Меморандум кабыл алынды. Кабыл алынган Меморандумда белгиленгендей коңшу эки  республиканын мыйзамдарына ылайык Талас облусу 2017-жылдын вегетациялык мезгилинде Киров суу сактагычынан сууну түзүлгөн графикке ылайык берип турууну, сууну туура жана так бөлүштүрүү нү көзөмөлгө алуу, Жамбыл облусунун акимиаты менен макулдашылган тартипте Жамбыл облусунун аймагында Таластык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба азык-түлүктөрү боюнча жарманкелерди уюштуруп туруу иштери жүргүзүлмөкчү. Ал эми Жамбыл облусунун акимиаты аталган облуска кирип жаткан айыл чарба азык –түлүктөрүн жүктөгөн автокаравандарды тоскоолдуксуз киргизүүгө, жогоруда аталган жарманкелерди өткөрүүгө жардам берет. Ошондой эле эки облустун ортосунда укук тартибин бекемдөө, мал уурулукка, наркобизнеске, кылмыштуулукка каршы күрөштү биргелешип жүргүзүү милдетин алышты.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: