Menu

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Эртеби-кечпи мезгили жеткенде, чындык жана ага окшогон түшүнүктөр калкып чыгат”

Бөлүшүү:

– Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата салтанатта президент Убактылуу өкмөт тууралуу терс пикирин билдирип, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийинки кыйынчылыктан өлкөнү ал кездеги президент Отунбаева эмес, эл өзү сууруп чыкканын айтты. Бул коомчулукта ажырым пикирди пайда кылды. Айрымдар Атамбаевдин айтканын чындыктай кабыл алышса, бир даары “аны бийликке жетелеп келген Отунбаева болчу, ичкен кудугуна түкүрдү” дешти. Бул ошондо чындык болдубу же “ичкен кудугуна түкүрүүбү”?

– Биринчиден Атамбаев Отунбаеваны инсан катары эмес, институт катары сындады деп ойлойм. Экинчиден, азыркы президенттин өзүн бирөөгө жетелетип жүргөнгө жол бере турган мүнөзү жок. Үчүнчүдөн, бул жалган дүйнөдө идеалдуу саясатчы болбойт! Убактылуу өкмөт албетте, кемчиликсиз иш алып барбады. Алар революция түтөп аткан күндөрдө гана эмес, андан кийинки акыбал бир жолго коюлган тынч күндөрдө дагы ката кетиришкенин баары билет.

– Президент УӨнү революциядан кийин банктагы ячейкалардын тонолушуна, Батыровдун качырылышына ж.б. бир катар кылмыштарга күнөөлөдү. Ошол кезде Атамбаев өзү да Убактылуу өкмөттүн мүчосү болгонун эске алсак, бул билдирүүсү менен өзүнүн да айыбын чукуп алган жокпу?

– Эртеби-кечпи мезгили жеткенде, чындык жана ага окшогон түшүнүктөр калкып чыгат. Президент болгон нерсени тастыктап, текшерип айтты. Ал тууралуу элге түшүнүк бериши керек. Революция болуп атканда кээ бирөөлөр чынында эле элди эмес, өзүн, чөнтөгүн ойлоп, жеке менчигин көбөйтүүнү көздөгөн кишилерди азыр ачыкка чыгарыш керек. “Кыңыр иш кырк жылда билинет”. Бул кыргыздын сөзү жөндөн жөн эле айтылган эмес. Анын үстунө революция болуп атканда, түтөп атканда мыйзамдуу иш жасалган эмес. Орус революция болобу, француз революциясыбы, эч кайда мыйзамга ылайыкталып, мыйзам тилинде иш алынып барылган эмес. Бул жагын да караш керек. Эмнеси болсо да элге чындыкты ачык-айкын айтыш керек. Эл кечиримдүү.

– Революциядан бери алты жыл, Атамбаевдин бийлик башына келгенинен бери беш жыл өттү. Ушул убакыт аралыгында чындык айтылбай жүрүп, эми Убактылуу өкмөт Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыга баштагандан кийин эле жар салынганын кандай кабыл алсак болот?

– Чындыктын түрлөрү болот, бир чындык жүгөрүгө окшоп бир жылда бышып-жетилип элге чыгып кетет, башка чындыктарга ачыкка чыгуусу үчүн убакыт керектелет. Текшериш керек, ойлонуш керек, анализдөө керек болот дегендей.

– Мамлекет башчысы Отунбаеваны мыйзамсыз президент болуп алган “самозванка” атады. Өлкөнүн биринчи адамынын айткан сөзү куру бекер жел менен кетпеши керек да. Мындан аркы кадамдары кандай болот, Отунбаева мыйзамсыз шайланган президент катары экс-президенттик жеңилдиктеринен ажыратылышы мүмкүнбү?

– Эки жаш баш кошо турган болсо, шарият жолунда нике кыйдырат, же ЗАГСга барып никесин мыйзамдуу каттоого алдырат. Мына ошондо гана булар коомчулукка жубайлар деп эсептелинет. Эгерде эки жаш досторун чакырып алып эле “биз үйлөндүк, батаңарды бергиле” дешсе, алар батасын бергени менен бул бир үй-бүлөгө айланышты деген эсепке кирбейт. Бул жерде да ошондой болуп атат. Президент болуш үчүн бюллетендерде фамилиясы жазылыш керек болчу. Баары ушундан башталды да. Ар бир саясий кадамдардын өзүнүн эрежелери болот, президент болуп шайланып аткан адамды эл көрүп, добушун берет. Отунбаева деген фамилия президенттике талапкер катары ошол кезде көрсөтүлбөдү. Ошол кездеги шартка карата. Ошондон улам эл арасында “чын эле Отунбаева кандайча президент болуп калды?”- деген сөз бар. Эми андагы катачылыктарды жоюп, кандайча өлкө башына келгенин түшүндүрүүлөрү кажет. Болбосо эл бушайман ойдон чыга албай жүрө берет. Ошол бороон кездерде “сен түз баспай төрт буттап бастың” деп айып коюу да туура эмес. Бирок, бороон-шамалдан пайдаланып, бирөөнүн мүлкүн уурдай качкандарга жаза чегерилиши керек.

– Атамбаевдин Отунбаевага каршы сөз айтуусунун артында дагы бир нерселер болушу мүмкүн да. Отунбаевага чабуул башталдыбы?

– Биз укуктук мамлекетке багыт жасап бара жатабыз. Эгер сот “Отунбаева мыйзамсыз президент болгон”- деген чечим чыгарса анда экс-президенттик деген наамынан ажыратылат. Анда экс-президент катары алган пенсиясынан ажыратылат жана ушул кезге чейин алып жүргөн сумманы кайра кайтарууга туура келет. Эгер окуя ушул өңүттө уланса, чабуул башталды деп кабыл алууга болот, андай болбосо анда саясаттагы катардагы карама-каршылык катары гана кала берет.

– Убактылуу өкмөт президенттин сөзүнө жооп кайтарып, “президент Отунбаевадан кечирим сурасын” деп талап кылышты. Бир жыл ичинде эле мамлекет башчыга “менден кечирим сура” деген талап койгондордун катары көбөйүп кетти. Бул өлкө башчысынын абройу кеткендик эмеспи?

– Президенттин  айтканы чындыкка туура келбей турганын алар  эгерде далилдеп берише алса эч нерседен коркпойт, айбыкпайт, кечирим да суратышат. Бирок далилдеп бериши керек. Президенттин мүдөөсү азыр элге белгилүү, кандай ачык-айкын айтса ошондой так далилдеши зарыл болот.

– Эгемендүүлүк майрамында Отунбаева катышкан жыйында ага президенттин акаарат келтиришин айрымдар “президент аял кишиге катуу айтып эркектик кылбады” дешти. Саясатта “бул аял, бул эркек” деген жеңилдиктер болушу керекпи, же жынысына карабай ар бири өз иши үчүн жоопкер болобу?

– Саясий маданияттуулук бул саясатта болгон нерсени күнүмдүк жашоого эч качан кайрыбаш керек. Жеке инсан катары саясатчылардын  мамилелери жакшы эле, кыргызчылык, тиги-бу түшүнүктөрү жүрөт. Жеке мамиле менен саясатты аралаштырбаш керек, аралашса жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан саясатта ар башка окоптордо жүргөндөр, жашоодо бир дасторкондон чай ичип, пикир алмашып тура беришет. Бул саясий маданияттуулук деп эсептелинет. Ошондой эле аял болобу, эркекпи, саясатта булар адам катары эмес, институт катары кабыл алынышы керек.

Ар бир улутта, ар бир мамлекетте, коомдо бир учур келет. Бул келечек муундарга тарбия-таалим катары. Атамбаев эмоцияга алдырып айтты. Бирок инсан катары айтты. Роза апчебиз да туура кылды. Ошол жерде отурбай башын көтөрүп кетип калганы да ырас болду. Башка майрамдарда да ушундай көрүнүштөр дагы болушу мүмкүн. Саясий лидерлер аны болтурбоого эми аракет жасашы керек деп ойлойм.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: