“Аззаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө Өмүрбек Текебаев президент Алмаз Атамбаевдин дарегине “Эй, Атамбаев, мына мен, Текебаевмин, эркекмин! Эч жакка качпайм! Дагы бир 1 жылдык президенттик мөөнөтүң калды. Эркек болсоң мародерлорду тап! Таппасаң 1 жылдан кийин мен сени менен эркекче сүйлөшөм! Атамбаев 31-август күнү “Мактаган кыз тойдо осурат болду! Мен Бакиевди эң жек көргөн адаммын! Бирок, Бакиев президенттик кылып турган учурда, 2008-жылы элди сурамжылоодо “Мамлекеттик органдар менен маселе чечкенде акча менен пара берип чечесизби? деген суроого элдин 38%ы “ооба” деп жооп берсе Атамбаевдин учурунда 49% эл “ооба” деп жооп берген. Ал эми Бакиевдин учурунда “соттун адилеттигине ишенесизби?” деген суроого” элдин 30% “ооба” деп жооп берген. Ал эми Атамбаев, мен, Иса Өмүркуловдун заманында элдин 9% гана сотко ишенип калды,” – деген сыяктуу ачуу сөздөрдү айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ