Menu

Шамшыбек Медетбеков, коомдук ишмер: “Бардык жагы төп келишкен, алтындай Конституция кабыл алсак да, аны сыйлап, урматтап жашаганды үйрөнбөсөк, азыркы кебетебизден кетпейбиз!”

Бөлүшүү:

– Шамшыбек мырза, кыргыз коомчулугунда бийлик тарабынан сунушталып жаткан Конституциянын жаңы редакциясы чоң ызы-чуу жаратып, мурда болуп көрбөгөндөй тирешүүлөргө күбө болуп жатабыз. Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу кандай пикирдесиз? Негизи эле, президенттик мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калганда минтип шашылыш Баш мыйзамды “ремонттоп” киргенинде биз билбеген бирдеңке бардай?

– Чындыгын айтканда, учурда Конституцияны өзгөртүүнүн анчейин кажети жок эле. Себеби, “улам бийликке келген адам Баш мыйзамды тебелеп-тепсөө, өз пайдасына карап өзгөртүү адат болуп  алды, эч болбосо мына ушул Конституция 2020-жылга чейин кол тийгис болуп турсун”,- деген норманы эл эмес,  өздөрү башында туруп киргизишкен. Эми, ошол өздөрү чектеген мөөнөткө чейин чыдабай, “биз эл аралык уюмдардын чечимдерин аткарып калат экенбиз, анда көз карандысыздыгыбыз кайсы?”- деген шылтоого жамынып, саясий чайкоочулук жасап жатышканы эч шоона эшпейт. Туура, биз өз алдынча суверендүү мамлекетпиз, ошол эле учурда Бириккен улуттар уюмунун мүчөсү катары дүйнө коомчулугунун алдында да өз милдетибиз бар. Канчалаган эл аралык келишим, конвенцияларга кошулуп, ал биздин парламент аркылуу ратификациядан өтүп, мыйзам катары иштеп жатат. Ошол милдеттерибизди дүйнөлүк коомчулуктун алдында аткарышыбыз керек, ал эми эл аралык уюмдардын айткан-дегенидери биздин өлкө үчүн сунуш катары гана кабыл алыныш керек. Эл аралык уюмдардын чечими биздин сот бийлигинин  өкүмүн жокко чыгара албайт. Аракеттеги баш мыйзам жаманбы-жакшыбы, 6 жылдан бери өз милдетин аткарып келе жатат. 2010-жылы өлкөдө апрель окуясы, Оштогу улут аралык жаңжал сыяктуу тополоңдор тыным бербей, аргабыз куруп, тынчтыкты орнотуу башкы милдет болуп турганда, көпчүлүк эл бул Конституцияны өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн колдоп берген. Ал тез арада жазылып, ичинде кемчиликтери бар экени көрүнүп турса да башкы максат – элибиздин тынчтыгы болгондуктан, эч ким деле катуу каршылык көрсөткөн эмес. Анткен менен, бул Баш мыйзам өзүнө тагылган милдеттерди аткарып, өлкөдө туруктуулук орноп, эми гана баары өз ордуна түшө баштады эле. Азыр мына бийлик башындагы аткаминерлер бири-бири менен жарышып, Конституциянын кемчиликтерин санап жатышат, ажо андан ашып, “биз буга өзгөртүү киргизбесек, кийинки келген президент мен эмес да, ажыдаарга айланып кетет”,- деп атат. Бирок, Баш мыйзамдын баркын ким кетирип жатат? Конституцияда “эч бир партия бийликти узурпация кылууга акысы жок”,- деген нормага карабастан, кайсы партия айыл өкмөттөрдөн баштап, жогорку бийлик кызмат орундарын өзүнө ыйгарып алды? Башкаруу коалициясындагы  партиялар министрлик-ведомстволорду бөлүштүрүп, май талканда жүрүшкөнү таң калыштуу деле болбой калды.  Бул Баш мыйзамда деле ар бир бийлик бутагынын укуктары даана жазылган. Ошого карабастан, бул укуктар кайсы бутак күчтүү болсо, ошонун пайдасына ооп, жылышып кеткени жалганбы? Өйдөдө белгилегендей, ооба, баш мыйзамдын кемчиликтери көп. Турмуш-шартка жараша өзгөртүүгө муктаж болобуз. Бирок, шашылыш аны жамаачылап кирген туура эмес. Анан өзгөртүүлөр шашылыш болбош керек. Кеңири коомчулук катышып, анан жасалышы шарт. Аттиң, бийлик төбөлдөрү баш мыйзамга табиятына жараша мамиле жасап, аны сыйлап-урматтаса, азыркыдай абалга тушукпайт болчубуз.

Дагы бир кошумчалап кете турган нерсе, биз да өз алдынча саясий күч катары, кыргыздын кырк уруусун бириктирген  “Кыргыз эл биримдиги” коомдук уюму учурунда өзүбүз иштеп чыккан баш мыйзамдын долбоорун талкууга алып чыкканбыз. 2010-жылы аны альтернатива катары референдумга киргизүү боюнча да ой болгон. Борбордук шайлоо комиссиясына 300 миң шайлоочунун колун топтоо баракчасын алуу үчүн, арыз бергенбиз. Бирок, андагы кырдаалга жараша, “бөйрөктөн шыйрак чыгарбайлы, өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк орносун”- деп, бул демилгебизди токтотуп койгон элек. Ошондон бери Конституциянын долбору боюнча көптөгөн коомдук уюм, кыймыл, саясий партиялардын катышуусунда тынымсыз талкуулар болуп келди. Азыр эми 2020-жылды күтпөй, өздөрү баштап ийген соң, биз да бир топ коомдук уюм, саясий партиялар “Улуттук конгресс” саясий кыймылын  түзүп, анын астында бардыгыбыз баш мыйзам боюнча өз долбоорлорубузду бириктирип, жаңы муундагы Конституцияны редакциясын түздүк жана коомдук талкууга алып чыктык. Өз сунуштарыбызды азыркы баш мыйзамды өзгөртүүнүн демилгечилерине, Жогорку Кенешке бердик. Биздин жаңы муундагы баш мыйзамда бардык бийлик бутактарынын укуктары менен бирге жоопкерчиликтери так жана даана жазылган. Болбосо, мына аракеттеги баш мыйзамдын тушунда эле 5-6 ирет премьер-министрди алмаштырдык, бирок биринин дагы жасаган ишине отчет берип кеткенин көрбөдүк. Биздин долбордо, президенттик башкаруу болот жана өкмөт башчысынын функциясын президент аткарат, өкмөттүн ишине жоопкер болот.  Албетте, шайлоо тартиби да өзгөрүш керек. Болбосо Жогорку Кеңешке акыркы шайлоолорду көрдүк.  Бир депутаттык мандаттын баасы 500 миң долларга чейин жетип, олигархтардын парламентин түздү. Мындай учурда эл каалаган саясий күч акчасы болбосо парламентке келе албайт. Жогорку Кенештин 50 пайызы бир мантаттуу өкүлдөрдөн, 50 пайызы партиялык тизме менен топтолот. Арийне, көз карандысыз сот бийлиги тузулөт. Муну менен катар Элдик курултайды көзөмөл функциясы менен киргизүү каралган. Бул жагынан алып караганда биз бийликтин да, ага каршы тараптын да сунуш-пикирин колдобойбуз. Биз мына ушул жаңы муундагы баш мыйзамыбыздын кабыл алынышы үчүн  аракет кылабыз.

– Албетте, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү багытында канчалаган эксперттер, коомдук  уюмдар, саясий партиялар өз ой-пикирлерин айтып жатат. Бирок, бийлик өз вариантын гана туура көрүп, аны эч өзгөртүүсүз кабыл алдырууга күч жумшоодо. Мына ушундан улам, көпчүлүк эскперттер баш мыйзамды реформалоо аркылуу Алмазбек Атамбаев саясаттагы жашоосун узартууга аракеттенип жатканын айтат. Айрымдар, анын кеткенден кийин да Польшадагы Качинскийге окшоп, Кыргызстанды жамбаштап жатып башкарыгысы келип жатканын айтышууда. Бул кептерге ишенесизби?

– Ооба, бийлик башында турган аткаминерлер өздөрү кеткенден кийинки жашоо-шарты тууралуу катуу ойлонот. Азыр да демилге көтөрүп жаткандар “биз президенттин укуктарын көбөйтүп же экинчи мөөнөткө калтырууну көздөгөн жокпуз, болгону премьер-министрдин укуктарын күчөтүп жатабыз”,- деген аргументти келтиришүүдө. Бирок бизде, Конституцияны өзгөрпөсөк деле, бийликте тургандар өздөрү каалаганды жасашып, чалмакей чаап келатканы жашыруун сыр эмес. Буга бир далил – Өмүрбек Текебаевдин агынан жарылганы. Айрыкча премьер-министрлерди кетирүүдө Атамбаевдин сөзүнө кирип, кандай нерселерге барганын ачык эле айтып салды. Бийликтин туура эмес аракеттери элге жакпаган иш экени көрүнүп калды.  Демек, алтын Конституция кабыл алсак да, аны сыйлап, урматтап жашаганды үйрөнбөсөк, азыркы кебетебизден кетпейбиз!

– Учурдагы бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн Контитуция боюнча демилгесине каршы чыккандарды “бузуку”, “эл бузар”, “кан көксөгөн кузгундар”,- деген сыяктуу абдан жаман сөздөр менен каргап-шилегенин бүт эл укту. Өлкө тагдырын чечер маселе болгондуктан, менимче, карама-каршы пикирлердин айтылып, талашып-тартышуу болгону мыйзам ченемдүү, атүгүл керектүү нерсе го. Ак үйдүн болсо тескери тонун кийип алганын кандай кабыл алып жатасыз? Анын үстүнө, президенттин 31-августтагы сөздөрүнөн кийин кечээки санаалаштары да ага каршы биригип жатат. Буларга Атамбаевге каршы башка күчтөр кошулууда. Мындай тирешүү кайда алып барат? Дагы кайгылуу окуялар болуп кетпейби?

– Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы өзгөчө окуя. Бул күнү президенттен бул мезгилдеги жетишкендиктер, келечек багыттар тууралуу жакшы сөздөрдү күттүм эле. Тилекке каршы, президенттин сөзүнүн башкы багыты Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр жана ага каршы чыккандарды мазактоолорго бурулуп кетти. Кечээ күнкү чогуу, санаалаш, максатташ болуп жүргөн адамдарга карата жеке адамдык касиеттерине шек келтирген абдан жаман сөздөрдү айтты. Азыр биз эмнеге жетиштик, кандай абалда турабыз, баары Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилигиндеги иш. Кандай гана асыл максаттарды айтышкан эмес учурунда. Президент да булардын катарында болгон. Эми мезгил өтүп, аларды душманга айландырып алыптыр. Буга чындап эмне себеп болгонун айта албайм. Бирок, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата чон салтанатта минтип сүйлөгөнү президентке аброй алып келген жок.

– Президент Убактылуу өкмөттүн төрайымы, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеваны “самозванка”- деп атады. Анда өзү ким болуп калат?

– Кызык суроо болду. Азыр президент “самозванка” атап жаткан Роза айым Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары жаманбы-жакшыбы, тарыхта из калтырды. Башыбызга өтө оор күндөр түшүп, апрелдеги бийлик алмашуудан кийин эл экиге бөлүнүп, түштүктө улут аралык чатак ырбап турганда бир да эркек оор жүктү өзүнө албай, аял башы менен Р.И. Отунбаевага жүктөп салышканы жалганбы? Р.Отунбаеванын тажрыйбасы, акыл көрөңгөсү, акыйкаттуулугу менен биз ошондой кыйынчылыктардан өтүп кеттик.  7-апрель окуясына биздин “Кыргыз эл биримдиги” кыймылы да өз салымыбызды кошконбуз. Р.Отунбаева, Э.Каптагаев ж.б. менен Бакиевди бийликтен  кантип кетиребиз деп, консультацияларды өткөзүп турчубуз.  Башкача айтканда, булар дайыма чогуу болушкан. Эми болсо 6 жыл өткөндөн кийин Роза Отунбаева “самозванка” болуп калса, анда айтып коеюн, ошол күндөн берки бардык шайлоолор, указдар, кабыл алынган мыйзам актылары, чыныгы укуктуу өлкөдө баары  жокко чыгарылыш керек, Башкача айтканда легитимдүү эмес деп табылып, ушундай сценарий мамлекетти башаламандыкка алып келүү коркунучун түзөт.

Ал эми тирешүүлөрдүн аягы жакшылык менен бүтпөйт. Биздин өлкөдө 25 жылда эки ирет революция болду. Бул жөн эле бир адамды экинчисине алмаштырып коюу эмес да, анын азабын, кесепетин өлкө көпкө чейин тартат экен. Экономикалык жетишкендиктер заматта токтоп, артка кетет. Ошондуктан, мыйндай жол бизге азыр эми жарабайт. Биздин жаңы муундагы баш мыйзамды алып чыкканыбыз да ошондон. Эгерде биздин Конституциянын долбору эл тарабынан кабыл алынса, анын негизинде коомчулуктагы бардык тирешүүлөр токтомок.

Президент өз сөзүндө кечээки санаалаштарына мародерчулук, банк кутучалары, кылмыш иштерин жок кылуу, К.Батыровду качырып ийүү ж.б. боюнча өтө оор айып такты. Өлкө башчысы айтып аткандан кийин, Башкы прокуратура дароо реакция жасап, айтылган фактылар боюнча, кылмыш ишин козгошу керек. А.Атамбаев айтып аткан фактылардын баарын эл билет. Ушул жагын дагы Башкы прокуратура карашы керек. Албетте, айтылган ар бир факты боюнча терең изилдөө жүрүп, точка коюлушу керек.

– Президент августтун башында Чолпон-Атада өткөзгөн басма сөз жыйынында сизди да сынга алып, “учурунда өзбек сеператисти Кадыржан Батыровго жакын санаалаш болуп жүргөн адам бүгүн улут маселесин көтөрүп жатат”,- дегендей оор айып такты. Бул чындыкпы?

–  Мен жөнүндө президент айткан сөздөр калп, чындыкка жакындабайт. Президенттин тегерегинде жүргөн таза эмес жетекчилердин мен жөнүндө калп сөздөрүнө ишенип айтып алды деп ойлойм. Бирок, К.Батыров мага эмес, өзү айтып өтпөдүбү, ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө жакын болгон. Аны өкмөт мүчөсү кылгысы келип, түштүктө Бакиевдин үйүн өрттөтүп, башка иштерге колдонуп жүрүшкөнү  жалпыга маалым.

Чындык үчүн “Ватан” тууралуу бир-эки сөз айтып кетейин. “Ватан” деген партия Минюстта каттодон өткөн эмес, мындай партия жок, болгон да эмес. Президент жанылышып “Родина” партиясы менен чаташтырып жатса керек, анын төрагасы Акбаров Азимжан деген киши болгон. 2007-жылы К.Бакиев парламентти таркатып “Ак Жол” партиясын түзүп, көзөмөлдү толук өз колдоруна алууну көздөп калганда ага каршы ошол эле СДПК, “Ата Мекен”, “Ак Шумкар”, мен тең төрага болгон Кыргызстан агрардык партиясы жана башка партиялар, Жогорку Кенештин экс-депутаттары  чогуу чыгууну сүйлөшүп, келишим да түзгөн элек. Арслан Малиевдин офисин штаб кылып, канча чогулуп, талкууладык. Бирок, кийин СДПК да, “Ата Мекен” да, “Ак Шумкар” да өз алдынча шайлоого кирип кетишкен. Анан калгандарыбыз “Родина” партиясы менен чогуу барууга макул болдук. Бирок, шайлоого жакындаганда бакиевдер мага “Кыргызстандын атуулу эмес” деген ойдон чыгарылган айып тагышып, катыштырбай коюшкан. ИИМден “Кыргызстанды жараны” деген справканы көрсөткөнүмө карабастан соттор бийликтин айтканын аткарып туруп алышкан. Ошону менен окуя бүткөн. А Кадыржан Батыров менен кол алышып, сүйлөшүп да көргөн эмесмин. Аны менен эч кандай алакам болгон эмес. Президент жанылып айтып жаткан “Ватан” партиясы менен 2010-жылы парламенттик шайлоого барышым жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча мүмкүн эмес эле, өзубүз түптөгөн “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясы менен шайлоого катышканбыз.

(Маектин кийинки сандагы уландысында Шамшыбек Медетбеков паспорттон №5-улуту боюнча графаны алып салуу кандай кесепеттерге алып келери, экономикалык кырдаал, мигранттардын абалы, чек ара көйгөйү ж.б. тууралуу айтып берет)

 

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: