Азимбек Бекназаровдун ыктыярдуулар тобу менен Үңкүр-Тоону өзбек аскерлеринен тазалоо үчүн президенттен уруксат сурап кайрылышы коомчулукта кызуу талкууга алынды. Бул демилгени айрымдар мекен, жер үчүн патриоттордун күйүп-бышуусу катары кабылдашса, көпчүлүк авантюралык чагым катары баалашты. Чындыгында Бекназаровдун эл, жер үчүн өзүн өлүмдөн кайра тартпай тургандай көрсөтүү далалаты эки өлкөнүн ортосунда согуш отун тутантуучу кан жыттанган опурталдуу чакырык. Себеп дегенде, Бекназаров келе жатат десе эле өзбек аскерлери Үңкүр-Тоону таштап качпайт. Колдорунда куралы бар аскерлер ок чыгарса Бекназаровду ээрчиген каны кызуу патриоттордун убалы кимге? Бекназаровду Аксыда атылган балдардын өлүмү ойлондурбайбы? Деги кан көксөп калгандан сообу? Ансыз да эки өлкөнүн мамилеси чыңалып, кырдаал курчуп турат. Анан ага май чачкандай чагымдын эч кимге кереги жок. Маселенин тынчтык жолунда, дипломатиялык алкакта чечилишинен өтөөрү жок.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ