“Биз, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы кыргыз-казак чек арасында эки күн иштедик. “Атамекендик өндүрүштөрдүн продукциясы чек арадан өтүү боюнча эч тоскоолдук жок” деген өкмөттүн маалыматы чындыкка дал келбейт” – деп билдирди депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 6-февраль күнү ЖКнын кезектеги жыйынында.
Анын айтымында, атамекендик жүк ташуучу автомашиналар 20 күндөн бери кыргыз-казак чек арасынан өтө албай, кечээ күнү эле өтүшкөн.
“Өкмөттүн маалыматы чындыкка дал келбегенин биз далилдедик. 2020-жылдын 1-мартынан тарта ЕАЭБ аймагында ары-бери ташылган товарларды маркировкалоо келишими күчүнө кирет. Эгерде маркировкалоого даяр болбосок, атамекендик өндүрүүчүлөр менен жүк ташуучулар дагы кыйналышат” – деди эл өкүлү.
Мындан сырткары АКШнын кыргыз жарандарына виза боюнча чектөө киргизгенин айтып, бул маселеде да өкмөттүн күнөөсү бар экенин белгиледи.
“Өкмөт биометрикалык паспорт боюнча өз учурунда иш алып барган жок. Өкмөт элди кыйнап койду” – деп билдирди Бакыт Төрөбаев.
Муну менен катар эл өкүлү көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан ыш маселесин, чек арадагы чыр-чатактын токтобой жатканын айтып, ушуга окшогон маселелерде өкмөттүн күнөөсү бар экенин айтты.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ