Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоо жана иштетүүгө 593 лицензия берилгенин, анын ичинен 39 компания алтын өндүрүп жатканын жар салды. Учурда өлкөдө 53 кенде казуу, 51 кенде долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстанда 2017-жылы жалпысынан 22 тонна 797 килограмм алтын өндүрүлгөн.
2018-жылы 21 тонна 730 килограмм алтын өндүрүү пландалган. Быйылкы эсеп боюнча Кыргызстанда өлкө аймагында 46 ири алтын кен бар экени тастыкталган. Кендердеги алтын запасын эсептегенде баары биригип 666 тоннага жетет. Кыргызстан алтын запасы боюнча дүйнөдө алдыңкы он мамлекеттин ичине кирет. Бул жагынан бизге суктанган өлкөлөр өтө көп. Бирок Кудай берген алтындын көбүн ар кандай жолдор менен чет элдик компаниялар өз өлкөлөрүнө ташып кетип жатышат. Кыскасы кен казуу тармагында коррупция кокодон. Ошон үчүн экономикасы өспөгөн өлкөбүз.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ