Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун Башкы прокурору Мехмет Акарджаны кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Түркия Республикасынын Жогорку кассациялык сотунун Башкы прокурору Мехмет Акарджаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын кызматташуусу тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 17-жыйыны ийгиликтүү өткөндүгүн канааттануу менен белгиледи. Кыргызстан үчүн Түркия маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп саналарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент жыл ичинде түрдүү деңгээлдеги бир катар кыргыз-түрк жолугушуулары жана сүйлөшүүлөрү өткөндүгүн эске салды.

Сооронбай Жээнбеков мындан ары дагы түрк тарабы менен эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын Жогорку кеңешинин жыйынынын жана экономиканын актуалдуу жана башка экономиканын реалдуу сектору менен байланышкан маселелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Түркия Республикасынын Жогорку кассациялык сотунун Башкы прокурору Мехмет Акарджа Мамлекет башчысына кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Түркия Президенти Реджеп Тайып Эрдогандын жана Түркиянын Жогорку Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентопанын саламын айтты.

Сооронбай Жээнбековдун Президенттик ишинин башталышы менен өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жакшырып, ырааттуу өнүгүү байкалып жаткандыгын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: