Фейсбукта убакыт өткөргөн адамдар менен алардын жашоосунун узактыгынын ортосундагы байланыш аныкталды.
АКШ изилдөөчулөрү Фейсбукта убакыт өткөргөн адамдардын ден соолугу жана өмүрүнүн узактыгы боюнча иликтөө жүргүзүштү. Ортодогу өз ара байланыш туурасында алар PNAS журналына жазышты.
Сан-Диегодогу Калифорния институттунун адистеринин иликтөөсү Фейсбуктагы 12 миллион профилдин анализине жана алардын Калифорния саламаттыкты сактоо депараментиндеги маалыматтарына негизделген.
Профилдин ээлери 1945–1989-жылдар аралыгында төрөлгөн. Аныктоолор көрсөткөндөй, Фейсбукту чеги менен колдонгондор эң төмөнкү өлүм деңгээли менен жалгашат. Ал эми достук жөнөткөндөрдөн арбын билдирүү алуу өлүмдүн азайышы менен өз ара байланышта.
Адистер пикиринде, адам социалдык байланыштарды реалдуу эмес виртуалдуу дүйнөдө деле жүргүзсө болот.
Бул арада окумуштуулар Фейсбук өмүрдү узартат деп айтууга ашыгышпайт. Ден соолугу чың адамдар социалдык жашоодо дагы, анын ичинде интернетте дагы жигердүү болушу мүмкүн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ