Menu

Мамдума кызматкерлери соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөрү боюнча отчет берет

Бөлүшүү:

Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын кызматкерлери интернеттеги билдирүүлөрү боюнча отчет берип турууга милдеттендирилишти. Мындай буйрук Мамдуманын сайтында пайда болду. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасына парламенттин аппаратындагы булак билдирген.

Аткаминерлер өзү тууралуу маалыматтарды жазып, атайын форманы толтурушу керек. Андан соң номурлар коюган графага сайттын дарегин же сайттын баракчасын жазууга тийиш.

Гезиттин маектештери талаптарды иш жүзүндө аткаруу оор болорун, анткени жадыбалга «соцтүйүндөргө жарыяланган бардык билдирүүлөрдү» өзүнчө киргизүүгө туура келерин белгилешкен.

Мамлекеттик кызматкерлерди соцтүйүндөгү билдирүүлөрү боюнча отчет берип турууга милдеттендирген мыйзам 2016-жылы жайында кабыл алынган. Мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик кызматтарга талапкер болуп жаткандар интернеттеги жеке баракчалары тууралуу маалыматтарды бериши керек. Мамкызматкерлер интернетке жарыяланган билдирүүлөр тууралуу маалыматтарды ар жылдын 1-апрелине чейин тапшырууга тийиш.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: