Астанада белгилүү ишкер Тохтар Тулешовдун соту башталды. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлашты.
Аскердик сот жараяны жабык эшик артында өтүп жатат. Тулешовго 16 берене боюнча айып тагылууда.
Тохтар Тулешов “Шымкентпиво” компаниясынын кожоюну. Быйыл январдын аягында оор кылмыш жасоого шектелип кармалган. Ал кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо жана маңзаттарды мыйзамсыз жасоо, кайра иштетүү ошондой эле сактоо боюнча күнөөлөнүп жатат.
Ишкер күнөөсүн толугу менен моюнга алганын өз колу менен жазып берген. Тексттин фотокөчүрмөсү дүйнөлүк желеде таркады. Түлешевге тиешелүү иш аскер сотуна 29-августта түшкөн. Кылмыш иши 300 томдон турат, күбө катары 100дөн ашуун киши өтүүдө.
Бул иштин алкагында дагы 12 киши кармалган. Сотко чейинки териштирүү учурунда аларды абакка камоо чечими кабыл алынды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ