Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейнди Пакистан Ислам Республикасынын күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге Пакистан Ислам Республикасынын күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду.

“Улуттук майрам – Пакистан Ислам Республикасынын күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргызстан менен Пакистандын салттуу достук мамилелери жана кызматташтыгы эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн ырааттуу өнүгүп жана тереңдей берет деп  ишенем”, – деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейнге чын ден-соолук, бакыт жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Пакистан элине тынчтык жана  гүлдөп өнүгүү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: