Мындай каргаша согушсуз, тынч мамлекеттерде да болуп тураарын уккан жокпуз, бирок акыркы төрт жылда Кыргызстанда 62 аскер ар кандай себептер менен кызмат учурунда көз жуумп, ал тургай тирүүлөй жоголуп кеткен фактылар даты кездешти. Ала немедей балдарын ажалга жулдуруп ийген ата-энелердин арманын чыдап угуп туруу мүмкүн эмес. Бирок акыбал жыл өткөн сайын тескеринен кетип, мындай аянычтуу фактылар азайбай койду. Мамлекетибиздеги күч структураларын координация кылып, коргонуу менен коопсуздукту, тартипти темирдей тескеп кармайт деген Генералдык штаб бул фактынын алдында куурчактай алсыздыгын көрсөтүүдө. Тагыраагы, эгер генштабдын башчысы генерал Дүйшөнбек Раимбердиев иш билги болсо, жеке өзү аскер полкторунда айлап-жылдап жашаса да аскердеги өлүмгө жеткирип жаткан окуялардын себебин таап чыгып, бир чара көрмөк. Жок, көйрөң короздой сыланган биздин штаб башчыбыз антмек тургай, ошол аскерлердин жаназасына туруп коюуга даабай, кабинетинин ичиндеги кабинетте жашынып отурат. Кайран чин, кайран ишеним…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ