Menu

Тынчтык Алтымышев, журналист: Кожобек “Кожосу колдогон, Ажосу алкаган “артист” болду

Бөлүшүү:

Ушул Кожобек Жайчыбекович парламенттин көңүлүн көккө көтөрүп, каткыртып, улам бир күлкүлүү сөздү айтып, кызыктай узун-туурасы билинбеген сунуштарды айтып туруш үчүн эле депутат болгонбу деген ой келет. Чындыгында, өзү базардан келген, Ош базардын бир капталындагы имаратка кандайча ээлик кылып алганын ким билсин, айтор, ошол жерден акчалуу болуп, анан Ооганчылар Союзунда экинин бири болуп жүрүп, Феликс Куловдун көзүнө илинип, парламентке депутат болуп келген. Келээри менен эле электрге, тагыраагы энергетикадагы коррупцияга чукул Феке чал аны парламенттеги энергетика комитетине бакыйтып отургузуп койгон. Болбосо Кожокем деле бир бутуна кокты байланып, карагай башына чыгып зымга зымды улап көргөн жан эмес. Анан калса ал тоо кен өнөр жайы менен да таптакыр алектенбеген. Бирок, анысынан уялган жок, калп каткырып, катуу сүйлөп, “актерлуктан артистикке” чейинки жолду басып, комитетти башкарып отурду.

Энергетикадагы коррупция азайган жок, суу сактагычтагы суунун көлөмү кыйла түшүп кетип атты. Кумтөр, Жерүй сыяктуу кендердин тагдыры чечилип, элге иштебеди. Ал эми бийлик мактанып аткан Талды-Булак Сол жээктин алтынын кытайлар ташып кетип жатканы кечээ ачыкка чыкты. Мына ушунун баары Кожокеңдин ишти билбей, анекдот менен гана алек болуп отурганынан болгону жалганбы?!

Анткен менен “бактылуу менен басташпа” дейт кыргыз. Кудай бакты бу Суусамырдын жигитине төөнүн көчүгүнөн да чоң кылып берген экен. Эми ал тээ качанкы эски, элдик делген СДПК партиясынан жүзүнө айланды. “Ар-Намысты” аңгекке тыкты да, КСДПдан кайрадан депутат болуп келип, кайрадан эле бааягы комитетти башкаруу укугуна жетти. Эр экен эй! Бир жолу мМКларды оозукдуктай турган мыйзам долбоорун алып чыгып, “бул мыйзам көптөн бери эле болтать этип жүрөт” деп өз деңгээлинин чен-өлчөмүн дагы тастыктаган. Да бир жолу “депутаттар велоспед менен баратсак балдар таш менен башка чапсачы” деп чыгып, мандатты, кол тийбестикти, манаптык жүрүштү жакшы көрөөрүн жашырган эмес.

Бүгүн болсо “Көчмөндөр оюнунда депутаттарды автобуска тыгып коюп, өкмөт өзү жолтандабастар менен оюнга барды. Бизди издеватся этти” деп да бир күлдүрдү. Анан калса президентке болушуп, Өмүрбек Чиркешовичке “разборкага” чыга турганын кыйытты. Бир жолу кинодо ОПГнын ролун ойноптур болчу, балким, чындап эле разборщик, решала болуп кеткенби, ким билсин?! Кыскасы, бүгүн ушул күлдүргүч Кожоке СДПК деген эң кудуреттүү партиянын калканы болуп, кашкайып туруп берүүдө.

Айрыкча, Конституцияны өзгөртүүгө келгенде өзү мыйзамды чечмелеп бере албаса деле “дакылдап”, “эл каалап ататты” айтып, ким менен болбосун кызыл чеке болуп чыга келди. Катуу даярданыптыр, даярдыгы чала болуп калып, кошумча 12 күн дагы даярданыптыр. Эмесе, эки ай бою көрүүчүлөр үчүн кыргыз циркинде, опей, кыргыз парламентинде күлдүргүч Кожоке чай концертин тартуулайт. Жүз аарчыңарды алып алып, күлгөнгө даяр болгула. Бооруңар катып калбасын, боорго дары-дармек алып алгыла Абайлагыла, ал силерди жылмайтып туруп жайлайт. Күлүп атып эле, кантип жаңы Конституция менен жашап атканыңарды түшүнбөй каласыңар. Дабдырап…

Тынчтык Алтымышев, журналист

«Фейсбуктагы» баракчасынан алынды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: