Menu

Жалал-Абад шаарында көчө китепканасы ачылды

Бөлүшүү:

2016-жыл тарых жана маданият жылына карата “Китеп – эң жакшы дос” аттуу долбоордун алкагында “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин демилгеси менен Жалал-Абад шаарындагы Токтогул эс алуу багында аталган коомдук бирикме тарабынан өлкөдө үчүнчү, ал эми Жалал-Абад шаарында биринчи жолу көчө китепканасы ачылды. Бул боюнча “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин төрагасы Элдос Шерматов билдирди.

Анын айтымында бул көчө китепканасынын ачуу “Инсан тануу” коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленди жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жаштар иштери боюнча комитети менен бирге Жалал-Абад Жаш ишкерлер ассоциациясынын колдоосу астында ишке ашты.

-Анын негизги максаты– китеп бул эң жакшы дос, ал адам баласынын аң-сезиминин өсүшүнө, дүйнө таанымын арттырууга чоң салым кошот. Ошондуктан  коомдогу жаштардын, аны менен бирге  улгайган адамдардын арасындакитепке болгон кызыгуунун арттыруу, окууга үндөө жана аны жандандыруу зарыл. Ошондуктан көчө китепканасын биз атайын Токтогул эс алуу багына коюп жатабыз, анда окурмандар эс алуу менен бирге китеп окууга да мүмкүнчүлүк алышат, – дейт ал.

Жалал-Абад шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаевдин айтымында, жаштар социалдык тармактарга кирип кетип, китеп окууга көңүл бурбай жатышат.

-Азыркы учурда күн сайын технологиянын өнүгүүсүн байкоого болот. Жаштарыбыз социалдык тармактарда убактыларын кетирбестен, бул жерге келип өздөрүнө керектүү болгон тармактардагы китептерди окуп,маалыматтарды алууга болот. Ошондуктан китеп окууга ыңгайлуу болуусу үчүн көчө китепканасы атайын эс алуу багына орнотулду, – дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: