Menu

КМШ өлкө башчыларынын саммитине алты президент келет

Бөлүшүү:

16-сентябрга белгиленген КМШ өлкө башчыларынын саммитине алты президент катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, саммитке Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын мамлекет башчылары келет. Андан сырткары Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат. Ошондой эле саммитке КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедевдин да келүүсү күтүлүүдө.

Исаковдун билдиришинче, Молдова учурда президенттик шайлоого даярданууда, ага байланыштуу өлкө башчысы саммитке катыша албайт. Түркмөнстан президенти да Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өлкөсүндөгү «конституциялык реформага байланышкан маанилүү саясий иш-чаралар» тууралуу айтып, өлкөнүн атынан саммитке өкмөт башчысынын орун басары катышарын билдирген.

Исаков Өзбекстандын ТИМ башчысынын келиши ал өлкө менен болгон мамиленин начарлагандыгынан кабар бербей турганын кошумчалады. «Ал Өзбекстандын ичиндеги белгилүү бир иштерге, анын ичинде президенттик шайлоого даярдык көрүүгө байланыштуу. Кечээ эки өлкөнүн премьер-министрлери ортосунда жакшы сүйлөшүү болду», -деди Исаков.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: