Menu

Темирбек Асанбеков, ” Мекен-Ынтымагы ” партиясынын жетекчиси: “Эл ишенимине жетип саясатта мүмкүнчүлүк алып калсам, улуттук спорттун өнүгүүсүнө сөзсүз өз салымымды кошом”

Бөлүшүү:

Эмгек – балалык кыялдарга жол ачат
– Балалык мезгилим айыл жергесинде өтүп, элибиздин үрп-адатын, салтын, тил маданиятын каныма сиңирип, мекенчил сезимдеги эң бактылуу күндөрдүн бири. Ата-энем карапайым айыл жергесинин тургундары. Жаш кезимден айылдаштардын ич ара жаманчылык жана жакшылыктагы бир туугандык мамиле чегиндеги ынтымактын маанисин жеткирип, тарбия берүүгө кылган аракеттерине ыраазымын. Алгачкы мектеп босогосун аттаганы, билимге умтулган аракетимди бүгүнкү күнгө чейин улантып келе жатам. Билим берип, турмуш жолуна көзүбүздү ачкан сый-урматтуу мугалимдерим бүгүн да көз алдымда. Албетте бала кезимде жалпы мектеп эрежесин бузуп, өзгөчө мүнөзүмдү көрсөтүп тентектик кылган күндөрүм да болгон. Бирок ата-энем койгон, тарбия чегинен чыкпаганга аракет кылчумун. Айыл жергесиндеги жашоо-турмушунун деңгээли шаардын жашоо шарттарынан айырмасын салыштырып, бала кезимде кыялданчумун. Сөзсүз чоңойгондо чоң Москва шаарына барып билим алып, өзүм байкап жүргөн жашоо деңгээлине жетип ата-энемди кубандырып жардам берем деп максат коер элем. Максат алгачкы жеңиштин ортосу дегендей, кылган жеке аракетим, эмгегим балалык кыялымдын аткарылуусуна турмушумда жол ачып берди.

Кыймыл-аракет – дене түзүлүштүн күзгүсү
– Дене тарбия ар бир адамдын ден соолугуна таасир бере турган маанилүү аракет.Афганистан мамлекетиндеги согушка катышкан убагым мен үчүн өтө терең маанидеги, мазмунга бай убакыт болуп калды. Дененин тарбиясы деп бекеринен айтпаса керек. Адам баласы жаралганына гана курсант болбой, ичкен ашын, дене тарбиясын туура алып жүрүүсү керек. Спорт адам баласына эң керектүү нерсе. Кыймыл-аракеттин көптүгү дене түзүлүштү чагылдырып коет. Өнүккөн мамлекеттерде спорт коомдук маанилүү иштердин бири болуп эсептелинип, алар массалык түрдө дене тарбиясындагы уюштуруу иштерин өзгөчө активдүү өткөрүшөт. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда экономикабыздын начардыгынан,коомдук каражатыбыз казынада аз болгондуктан, улуттук спорт тармагынын өнүгүүсүнөсапаттуу иш-чаралар жокко эсе. Бизде спорт, жеке демилге көрсөткөн активдүү таланттарыбыздын күчү менен гана кармалып турат. Эгерде татыктуу деңгээлде дене тарбиясы спорт иштерин жүргүзүү шарттары чечилсе, биздин жөндөмдүү тоо жергесинин жаштары келечекте дүйнөлүк спорттун ар кандай тармагында, Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүп даңазалаарына ишенем. Эл ишенимине жетип саясатта мүмкүнчүлүк алып калсам улуттук спорттун өнүгүүсүнөсөзсүз өз салымымды кошом.

Ден соолуктун алдын алам десең туура тамактан
– Дене тарбия катары, тамактануу эрежесин да туура колдонуш керек. Болбосо кыргыздын берекелүү, кенен дасторкону, жайылган даамдуу тамактардын азгыруусу, көпчүлүктүн ден соолугуна зыян да келтире баштады. Албетте, ата-бабабыз колдонуп келген улуттук тамак-ашыбыз биз үчүн өтө ыйык жана эң даамдуу азык болуп саналат. Бирок өтө калориясы күчтүү тамактарды аз колдонбосо, зыяны гана тиет. Мурдагы заманга салыштырмалуу азыркы жашоо деңгээлибиз түп тамыры менен өзгөрүп, ыңгайлуу, жеңил турмуш шарттар бар. Кыймыл-аракет аз болсо, оор тамактарды жеп жата берүү ден соолукка гана зыян. Ошондуктан күчтүү калориядагы улуттук тамак-ашты чеги жок колдонсок ден соолук үчүн ашыкча болуп калаарын эстеп, кылган ишибизге карап гана тамактын түрүн тандап алуу туура. Өзүм болсо тамактануунун эрежесин кармап, жеңил тамактарды көбүрөөк колдоном.

Ата-баба жолун улап
– Улуттук көчмөндөр оюну кыргыз элинин сыймыктана турган эл аралык проектиси. Бул демилгени дүйнөлүк деңгээлде даңазалап, өнүктүрүүгө умтулушубуз керек. Албетте, жетине албай сүйүнгөнүбүз менен алдыда татыктуу деңгээлде жеткирүү максатында көп уюштуруу иштери турат. Бул биздин жалпы экономикалык жактан мамлекетибиздин өнүгүп, инженерия, техникалык, инфраструктуралык маселелерге, коопсуздук жана маданияттуулуктун, тейлөө, уюштуруу иштеринин сапаттуу аткарылышына байланыштуу болот.

Кооз сүйлөө адамга берилген жөндөм
– Кооз сүйлөө менен эле чектелип убада берип, иш жүзүнө келгенде милдетин аткара албай калуу таптакыр туура эмес. Андай адамдарды коомдо “курулай убада берген, ыймансыз, сөзүнө турбаган” адам дешет. Жалпы коомдук аң-сезимге таасирин көрсөтө турган саясатчы сөзсүз түрдө кыска, нуска, сунуштаган оюн так далилдеп жеткирүүгө жөндөмдүү болуусу керек.

Кылым жашап, кылым оку
– Илимге умтулуп, өзүбүздүн ой жүгүртүү жана билим деңгээлибизди ар дайым такшалтып турбасак, коомдо өзгөрүп жаткан маселелерди эч качан чече албайбыз. Ар бир секунд сайын жаңылыктар пайда болуп, ар бир саат сайын жаңы ачылыштар болуп турган заманда жашап жатып, ал нерселерден алыс калып калууга болбойт. Тынымсыз окуп, билип туруу адамдын өсүүсүнөн кабар берет. Азыркы мезгилде саясий – экономикалык, эл аралык дипломатия тармагындагы китептерди көп окуйм. Өзүм бала кезимден эле чыгармачылыкка жакынмын. Эркин эс алуу убактым болуп калса фортепиано инструменти менен алектенем.

Жардам берип жарды болбойсуң
– Адам баласынын руханий байлыгын толтуруп, ыймандуу багытта тарбиялап, коомдун ынтымактуу түптөлүшүнө салымын кошуп, сабырдуулук чегинде туура жашоонун жолун көрсөтүп жаткан мусулман бир туугандарыма терең ыраазычылык билдирем. Ыймандуу тилектерибиз кабыл болуп, Аллах ыраазы болсун! Соопчулук көрсөтүү ар бир мусулман баласынын ыйык парзы. Жардамга муктаж болгон адамдарга, мүмкүнчүлүк чегиме жараша ак ниетим менен жардам көрсөтүүгө умтулам.

Үй-бүлө – мамлекеттин башаты
– Элдин түптөлгөн жалпы жашоо эрежесин, тарбиясын бузбай, үй-бүлөм көпчүлүк эл катары эмгектенип, өз ордун коомдо тапкан. 4 баланын атасымын, үч кызым, бир уулум бар. Турмуш тагдырды өзгөртөт экен, өзүм көп жылдар чет өлкөдө жашаганыма байланыштуу балдарым сыртта билим алып, өзүлөрүнүн жеке турмуштук багытын билим деңгээлдерине жараша тандап алышкан. Кыргызстандагы билим берүү тармагындагы маселелерге өтө терең изилдөө жүргүзүп, сапаттуу иш-чараларга өтө муктаж экендигин билип турам. Эл агартуу милдетин аткарып жаткан урматтуу мугалимдерге таазим кылам. Мамлекет деңгээлинде татыктуу шарт түптөлбөсө да, биздин жаш муундарга талыкпай билим берип тарбиялап жаткан агай-эжейлерге ыраазычылык билдирип, саясатчы катары убактылуу чечилбей жаткан кемчиликтер үчүн кечирим сурайм. Ишенимиңерди жоготпогула, сөзсүз кадыр-барктуу, мугалимдерге, врачтарга, коопсуздук тармагында эмгектенген офицерлерге, жалпы коом кызыкчылыгын коргогон бардык мамлекет кызматкерлерине, урматтуу окумуштуу интеллигенция катмарына татыктуу турмуш орнотуп, өнүккөн мамлекет болооруна биргелешип жетебиз!

Маектешкен
Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: