Пакистанда эки поезд кагылышып, натыйжада алты адам өлүп, 150сү жаракат алды.
Авария 15-сентябрь күнү эртең менен Мултан шаарында болгон. Бул тууралуу Geo TV жергиликтүү телеканалы билдирүүдө.
Пешевардан Карагачиге келе жаткан тез жүрүүчү Awami Express поезди менен товар жүктөп келе жаткан поезд кагылышкан. Акыркысы ырааттамага ылайык, ошол маалда темир жол каттамында жүрбөшү керек болчу.
Телеканал маалымдагандай, кагылышуунун кесепетинен тез жүрүүчү поезддин төрт вагону рельстен чыгып кетти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ