Астана «жалпы мамлекеттик керектөө үчүн» Орусиядан чоң жүк ташууга ылайыкташкан эки аскердик-унаа учагын сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Учурда «Казспецэкспорт» ишканасы тарабынан Ил-76МД-90А аскердик-унаа учактарын сатып алуу жөнүндөгү макулдашуунун долбоору боюнча Орусия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп жазылган басма сөз кызматтын шаршембидеги билдирүүсүндө.
Ил-76МД-90А Ил-76 учагынын жаңыланган түрү болуп эсептелет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ