Menu

Замира Молдошова, стилист, дизайнер: “Бала багуучуга ишенбейм”

Бөлүшүү:

9- сентябрь улуулук чеберлеринин күнү. 1942-жылы дал ушул күнү Америкада биринчи жолу Бүткүл дүйнөлүк сулуулук күнү белгиленген. Ал эми Орусияда 1995-жылдан бери бул күн эл аралык сулуулук күнү катары майрамдалса, биздин өлкөдө 2010-жылдан тартып белгилүү стилист, дизайнер Замира Молдошованын демилгеси менен белгиленип келет. “Качан менин көзүм өтүп кеткенде гана бул күн өткөрүлбөй калбаса, мен тирүү кезде сулуулук чеберлеринин күнү белгиленет” – деп тамаша иретинде айтып жүргөн Замира айым өткөн жылы кош бойлуу болуп, майрамды өзгөчө шаңда өткөрө албай калагынын айтса, быйыл тун наристеси менен алек болуп майрамга даярдана албай калганын айтты.

– Замира айым, бала багып үйдө отуруп зериккен жоксузбу? Качан жумушка чыгасыз?

– Чынын айтсам, кош бойлуу болгонго чейин эс алуу эмне экенин билбей тытынып иштеп жүрө берип абдан чарчаптырмын. Уйкунун планын толтурдум, тынч эс алууну үйрөндүм, китеп окуп, кино көрүп өзүмө пайдалуу иштерди жасадым. Төрөгөндөн кийин эки ай бала менен алек болдум. Азыр бир аз торолуп калгандан кийин жумушка чыгып, бир-эки саат болсо дагы салонго, окуу борборуна барып көзөмөлдөп турам.
– Жыл сайын 9-сентябрь сулуулук күнүн жогорку деңгээлде уюштуруп, майрамды шаңга бөлөчү элеңиз, быйыл өткөрүү планда барбы?

– Өткөн жылы кош бойлуу болуп өткөрө албай калдым. Быйыл кызым кичинекей болуп майрамга даярданган жокмун. Өзүңүздөр билесиздер, жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн көп убакыт, идея, күч-кубат, акча каражаты керек. Буга чейин бул нерсенин баары бир жыл мурун пландалып ишке ашчу. Азыр мен үчүн иштен мурун кызым маанилүү. Ошондуктан кызымды багып, энелик милдетимди аткарып жатам.
– “Энелик милдетимди аткарып жатам” деп калдыңыз. Эне болгон кандай экен?

– Эне бактысын бала төрөгөндөн кийин гана сезет экенсиң. Азыр бир да маселе жоктой, жашоонун жыргалында жашап жатам. Кызым атасына да, мага дагы окшош. Улам чоңойгон сайын өнөрү чыгып киши болуп келатат. Музыкага жакын. Атасы гитарада ойноп калса кошо жарышып ырдайт.
– Жумушка чыксаңыз кызыңызды ким карап жатат? Же бала багуучу жалдадыңызбы?

– Бала багуучуга муктаж эмесмин. Буга чейинки алган тажрыйбаларым менен кызымды чоңойтуп алдым. Экинчиден өз баламды башка бирөөгө таштап кете албайм. Эч кимге ишене албайм. Жумушка кеткенде, бир эки-саатка атасы карап калат. Калган учурда өзүм эле карап, жанымда алып жүрөм.
– Айымдардын көпчүлүгү кош бойлуу кезде салмак кошуп же арыктайт эмеспи. Сизде мындай маселе жаралган жокпу?

– Мен 7 айга чейин токсикоз болуп аябай арыктап кеттим. Төрөттөн кийин дагы кызымдын кыркы чыкканга чейин арыктадым. Андан кийин бир аз салмак коштум эле бирок кызымды сейилдөөгө алып чыгып көп кыймылда болуп, баштагыдай таң эрте туруп чуркабай, арыктоо маселесин ойлонбой калдым. Чынында төрөт деген абдан кыйын экен. Жаратылыштын берген сыноосун жакындарың, бир туугандарың гана сезип колдой алышаарын билдим. Ар бир аял төрөгөндөн кийин жок дегенде жарым жыл, бир жыл эс алып өзүнө келгенден кийин ишке чыгыш керек экен. Мен жарым жылда өзүмө келдим. Азыр мурдагы жасаган иштеримди жасап, көп нерсеге көңүлүм келип, жаңы идеяларды ойлоп пландап жатам. Буюрса кийинки жылы бул күндү өзгөчө өткөрүүгө аракет кылам.
– Быйыл күздө кандай түстөр мода болот? Стилист, дизайнер катары кандай кеңеш бере аласыз?

– Күз мезгилинде өзгөчө, издеп тапкыс түстөр модада. Бирок саркеч болууну кааласаңыз, бул өңдөрдү тапсаңыз болот. Мисалы кочкул күрөң, саргыч, кызгылт сары, кызыл көгүш менен кочкул көгүш өңдүн ортосундагы көк түстөр. Бул түстөрдү башка өңдөр менен айкалыштырып, өзүңүздөргө жарашыктуу кийимдерди кийип алсаңыздар болот.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: