Menu

Парламент ичи тынч эмес

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин кечээ күнкү жыйынында КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов “Ата Мекен” жана “Өнүгүү” фракцияларын коалициядан чыгууга чакырды.  Парламенттин бул жыйынында Конституциялык түзүлүш боюнча ЖК комитетинин төрагалыгын шайлоо маселеси көтөрүлүп жаткан. КСДП фракциясы Асел Кодуранованын талапкерлигин сунуштаса, “Өнүгүү” фракциясы Тынчтыкбек Шайназаровду алып чыгуу ниетин билдирген эле. Ушундан кийин Иса Өмүркулов чыгып сүйлөп: “Бул коалиция мүчөлөрүндө талаш маселелерди жараткан биринчи учур эмес, буга чейин “Ата Мекен” фракциясы референдум боюнча принципиалдуу каршы чыгышты. Биз алар эмне деп айтып жатканын окуп, угуп жатабыз. Кечээ комитет төрагалыгын шайлоо боюнча “Өнүгүү” менен бир пикирге келе албадык. Мындай болсо, мен “Ата Мекен” менен “Өнүгүүнүн” лидерине коалициядан чыгууну сунуштайм”, – деди Өмүркулов. Бул сөздөн улам талаш-тартыш уланды.

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Биз чыкпайбыз, жакпаса өзүңөр чыккыла”
— Биз Жогорку Кеңешке келгенде коалиция түзүп, эмне максатта биригип жатканыбызды айтып кол койгонбуз. Азыркы учурда коалициялык келишимди бекем кармап иштеп жатабыз. Ошон үчүн акыркы 5 жылда 4 жолу коалиция ураса да мүчө болуп келе жатабыз. Кесиптештерим “Бизде коалиция барбы?” деген суроону коюп жатат. Туура айтып жатат. Бизде коалициянын төрагасы жок, 4 айдан бери шайлай албай, жолугуп кызматташкандын ордуна ММК аркылуу бири-бирибизди  кекетип сүйлөйбүз. Коалициянын келишиминде Атамбаевди сөзсүз колдоп беребиз, Конституциялык реформа кылып Конституцияны өзгөртөбүз деген жери жок. Эгерде кимдир бирөө өзгөртөбүз десе бул ар бир фракциянын жеке ою. Ошон үчүн Бабанов менен биригип өзгөртөбүз деп жүрөсүңөр. Оппозиция, коалиция деген жок. Иса Шейшенкулович, 4 айдан бери коалициянын төрагасы болуп шайлана албай жатып, коалициядан чыккыла деп жатат. Эгерде бирөөнүн тапшырмасын аткарып “Ата Мекен” коалициядан чыккыла” десеңер, мен кеңеш берет элем. Биз коалициядан чыкпайбыз. СДПК, силер “мындай коалиция кереги жок, келишимдин мобул пункттары бузулуп жатат” деп  конкреттүү айыптарды  көрсөтүп өзүңөр чыгып кеткиле.

Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү” фракциясынын лидери: “Коалиция де-факто жок”
— Биз 2010-жылы келгенибизде Конституцияны папкабызга салып берген. 2010-жылдан баштап азыркы Конституция менен иштедик. Беш жылдын ичинде коалиция деген эмне экенин түшүндүк. Фракциялар сүйлөшүүлөр менен ынтымакка келерин, төраганын кантип шайланышын, Эсептөө палатасына,  Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү оппозициядан барарын түшүндүк. Коалициянын негизинде 5 жылда көп нерсени түшүндүк. Бешинчи чакырылыштагы кесиптештерибизди ушул Конституциянын негизинде камалды. Бул Конституция өзүнүн вазийпасын аткарды. Элибиз дагы жашоону өзгөртөм деген ойдо экен. Кээ бир коллегаларым 2020-жылга чейин өзгөртпөйлү деп жатат. Конституциядагы нормалар биздин эгемендүүлүгүбүзгө, стабилдүүлүгүбүзгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарга  доо кетирип атса эмне үчүн алмаштыра албайбыз? Эгерде өзгөртүү эл үчүн керек болсо өзгөртүүгө барышыбыз керек. Бирок биз “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы ар бир статьяны талкуулап чыктык. Биз прокуратурадан тергөөнүн алынып салынышына, Конституциялык палата боюнча макул эмеспиз. Биз парламенттик башкарууну колдойбуз, ошондуктан өкмөттүн башчысынын милдеттерин күчөткөнгө макулбуз. Коалиция боюнча айта турган болсом, де-юре коалиция бар, де-факто жок.

Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты: “Сиз эмне “разборщиксизби?”
— Биз дагы убагында оппозицияда болгонбуз. Оппозиция туура эмес нерсени туура эмес, туураны туура деш керек да. Анан туура нерсени да туура эмес дей берсе эл эмне дейт? өмүрбек Чиркешович, «Кожоке, референдумду колдоп коелу» деп мага айткансыз. Эмнеге бүгүн артка кайтып жатасыз, түшүнбөй турам. Балким арасынан бир нерселер жакпай жаткандыр. Сизди мен сыйлаган адаммын, аны билесиз. Сизди Баш мыйзамдын атасы деп жүрөбүз. Бүгүнкү күндө көз карандысыз соттор эмне болду? Тоок, кой уурдагандарды кесип, миллиондорду уурдагандарды куткарып жатат. Мүчүлүштүктөр кетип атканда, эл суусап турганда оңдойлу деген жаманбы? Кылмыш мөөнөтү аяктаганга чейин күтүп отурсак, Аравияда 15 жыл жыргап келип, акталып атышат. Тергөөчүлөр, прокурорлор кылмыш мөөнөтүнө таяп туруп, акчасын алат да, кыскартып коюп жатат. Муну өзгөртсөк болбойбу? Сот чекит койсун.  Чоң кылмыш кылгандарды, аймончоктой кыздарды зордуктагандарды мөөнөтү өтүп кетти деп эмне үчүн куткарышыбыз керек. Баарын киргизишибиз керек. өмүрбек Чиркешович, мен сизди сыйлайм, бирок баягы күнү теледен карап отурдук. Иса Шейшенкулович менен талкууга чыкканда “Атамбаев эркек болсоң чык” деп жатасыз. Сиз эмне разборщиксизби? Бизде этика болушу керек. Президентти эл шайлаган. Сиз президент болсоңуз да ушуну айтмакмын. Бир-бирге чык деген көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз. өзүңүз айткандай, Кудайдан кийинки Жогорку Кеңештеги элдин көйгөйүн чече турган депутаттарбыз.
Бакыт Эргешович коалиция де-фактодо жок деп жатат. Чынында ошондой эле болуп баратат. Бир комитетти бөлүшүп шайлай албаган, 4 лидери чогулуп сүйлөшө албаса эмнеси коалиция? Мына 26 депутаты менен өмүрбек Токтогулович сүйлөшөлү деп даяр турушат. Мен өмүрбек Токтогуловичти мактаган жокмун, болгон ишин айтып жатам. Туураны туура деп айтып жатат. Оппозициябы, позициябы кеп анда эмес. Келишим түзүп жатканда фракцияларга комитеттер бөлүштүрүлгөн. Анан эмне СДПКга бөлүнгөн комитет талашка түшүп калышы керек? Бул да коалициянын ыркы жогунан, бири-бирин сыйлабаганынан келип чыгууда. Азыр “СДПК 38 көп, тил табыша албайт. Буларды бөлүп кетсе болот” деп сөз таратып атат. СДПК ынтымактуу эле турат.

Өмүрбек Бабанов, “Республика” фракциясынын лидери: “Эркиңер жетсе коалициядан чыгып кеткиле”
— Коалиция маселесин жалгыз эле фракция лидерлери эмес, ар бир депутат чечиши керек. Принципиалдуу позицияңар болсо коалициядан чыккыла, таркагыла. Конституциялык реформа принципиалдуу маселе болуп жатат.  Бир комитеттин  төрагасын ич ара сүйлөшө албай талашып жатат. Себеби, коалиция жок. Комитеттин төрагасын талашып отуруп, Коалиция тарап кетти деген уят нерсе. Конституцияны өзгөртүүгө каршымын деп туруп коалициядан чыгып кетүү бул позиция деп айтат элем. Айрымдар бизди оппозия болуп туруп Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп жатат деп айтууда. Эгерде көз карашыбыз туура келсе, эмне үчүн колдогонго болбосун? Бул деген мамлекетибиздин алдында чоң жарыш турат, ошол жарыштын башталышы болуп жатат. Урматтуу өмүрбек Чиркешович, сизге кайрылып кетет элем. Биздин арабызда өтө тажрыйбалуу адамсыз. Сизди баары урматтайт. Саясий күрөштө ар кандай нерселер болот. Бирок жеке адамдын кадыр-баркына шек келтирүүнү токтотсок. Себеби биз элдин арасынан шайланып келдик, үлгү болушубуз керек. Келгиле саясий көз караш менен кармашалы. Азыр да болсо конституциянын негизинде колдой турган болсоңор коалицияны сактап калгыла, колдобосоңор келгиле, сүйлөшүү жүргүзөлү.

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Колуңа мандат берип премьер кылган Роза Исаковнаны колдоп койгонго жарабадың”
— Президенттин ар-намысын, абийирин коргоп жатышат. Ошону Атамбаевге айтып койбойсуңарбы, бүткүл дүйнөгө уят болду. Ар бир элчиден сурасаңар да айтат. Айылга барып сурасаң да уят болду деп айтат. Трибунада туруп алып эмне деген гана сөздөрдү сүйлөп жатат. Урматтуу өмүрбек Токтогулович, мандатты колуңа берип, премьер, биринчи вице кылган Роза Исаковна эле. Орто Азиядан чыккан лидерибизди кордоп атканда коргоп койгонго жарабадың го. Эми ушул жерден мораль айтып, бирөөгө акыл үйрөткөндөн мурун ошого татыктуу болуш керек.

Өмүрбек Бабанов, “Республика” фракциясынын лидери: “Бирөөңөр ката кетирсеңер, экинчиңер акылдуу болгула”
— өмүрбек Чиркешович, мен сизден “Бири-бирибизге тийишпей сүйлөйлү” деп суранып кетпедимби. Роза Исаковна менин эмне кылганымды, кандай сүйлөшкөнүмдү өзү билет. Керек болсо мандатымды тапшырып бергем. Керек болсо сизди да спикер кылып эч кимден коркпой шайлап бергем. Корко турган эч ким жок. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жасаган кир иштериңерди алып чыгып, эки адамды чыр-чырга айлантып элди эки-үчкө бөлүп отура турган убакытпы? Бирөө ката кетирсе акылдуу силер болгула.  Атамбаев ката кетирсе сиз акылдуу болуп, кайрылыңыз, айтыңыз. Тескерисинче, ылдыйга түшүп алып бири-бириңер менен талашып атасыңар. А Роза Исаковнага эмне айтып, эмне кылганымды ал киши өзү жакшы билет.

Коалиция жетекчиси шайланды
ЖКнын бул күнкү жыйынында Бакыт Төрабаев коалициядагы фракция лидерлерин чогултуп, коалициянын жетекчисин шайлоого чакырган. Ушул күнү эле төрт лидер жолугуп, коалициянын лидери Канат Исаев болгонун жарыя кылышты.

Парахат Шукурова

Булак: ПолитКлиника

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: