АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтонду “2001-жылдын 11- сентябрындагы жардыруунун курмандыктары” мемориалына барганда, иш-чара бүтө электе аны колунан жетелеп сыртка чыгарып кетишкен. Ал эми машинасына жете берерде Хиллари айым жыгылып, бир азга эсин жоготконун тастыктаган видеону News Executive сайты жайгаштырган.
Хиллари Клинтондун штабындагылар президенттикке талапкер болгон 68 жаштагы айымдын ден соолугу жайында экендигин, жөн гана ысыктан күн өтүп калгандыгын айтышкан. Кийинчерээк Клинтон айым көчөгө чыгып, ден соолугу жайында экенин билдирип, элге көрүнгөн. Врачтар болсо адегенде инсульт болушу мүмкүн десе, андан кийин президенттикке талапкер айымдын пневмониясы бар экен дешти.
Булак: ПолитКлиника
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ