Кечээ, 16-сентябрда “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны болуп, анда эки маселе каралды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.
Алгач КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан “Дастан” ААКнын көмөкчү чарбасына тиешелүү жер аянтынын менчиктелүү таржымалы жөнүндө учкай маалымат берди.
Андан соң, “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын борттогу тамак-ашты даярдоо боюнча цехин “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсына алуусу боюнча маалымат берди.
Депутаттар бул жаатта түшүнүксүз жагдайлар бар экенин белгилеп, “Ата Мекен” фракциясы жакынкы аралыкта “Манас” эл аралык аэропортунун” иши менен таанышып келүүгө макулдашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ