Menu

Кыдыр Кудай! Дүйнөнү диндерге бөлүп, согуштуруп жаткан Шайтан!

Бөлүшүү:

Гезиттин өткөн жумадагы санында Кудай деген ыйык сөзүбүз Кыдыр атабыздын өз ысымынан жаралганын, кыргыз тилине фарсы (перс) элиндеги “ХУДО” деген сөздөн киргенин айтканбыз. Кайталай кетсек, Худо деген сөз ХУДОР, ХЫДЫР деп чечилип, Ирандыктар азыр да Худору (Кыдыры), т.а. Кудайы Памирде экенин айтып келе жатышат, сөзүбүздү факты менен кынасак: “Па-и-михр – подножием Митры, бога Солнца, назвали эти горы древние иранцы”. [1. 3.] деп тарыхта кашкайып жазылган. Кыскасын айтканда, Кудай деген ыйык аталыш Кыдыр атабыздын ысымынан пайда болгон, ага аты гана эмес, заты да төп келет. Демек, эч ким талашканга акысы жок, Кудай деген ыйык зат – биздин Кыдыр атабыз. Дегенибиз, Кыдыр атабыз биздин акылыбызга чак келбеген өтө чоң кереметтерге эгедер, аны бүткүл дүйнө жүзү билет. Тактап айтканда, каалаган учурда пенденин көзүнө көрүнүп, заматта көздөн кайым боло турган кудурети бар. Ошону менен бирге дүйнөнүн чар тарабына көз ачып жумганга чейинки убакытта жетип, киши баласына жакшылыгын тартуулай алат. Мындан сырткары, түрдүү жан жаныбардын келбетине айланып, кайсы бир пенденин инсандык парасатын аныктаган соң заматта көздөн кайым болуп кеткени дүйнөдөгү философиялык, мифологиялык маалыматтарга камтылган жана тарыхый инсандар тарабынан кеңири айтылган. Биз алыс барбай, “Манас” башында турган акыл мурастарга назар таштасак, кудурети күчтүү Кыдыр атабыз бөрү, марал, коён, аркар, кулжа, бугу ж.б.у.с. жаратылыш жандыктарынын келбети менен жолукканын көрөбүз. Буга бир факты келтирели:

Атасынын бирлери

Бу кырк чилтен, Кызыр Илиястар

Баламды ала качып алган го!

Бүгүн балам бул өтөк бойлоп конгон го,

Бу кырк чилтен, Кызыр, бирлери

Бу Марал болуп кубулуп,

Балама эне болгон го. [2. 131.]

Эң негизгиси, Кыдыр атабыз киши баласына өмүр суусун тартуулап, тукумсуз калгандарга туяк, зарлап-какшагандарга бала берген. Ага да бир далил келтирели:

“Жолдо бара жатса Кызыр Илияс учурады. Кызыр Илияс “Сен кимсиң?” деди. “Мен Асылкан падышамын” – деди. “Тилегиң өттү кудайга, кабыл этти” – деди. Анда Асылкан айтты. “Кызыр бабам болсоң, кудайдан эки бала берсең, телегейи тегиз берсең, бирөөнөн бирөөн улуу берсең, пендеде жок сулуу берсең, беттешкенди алган берсең, бир пут ташты көтөргөн балбан берсең” – деди. Кызыр Илияс “Ач алаканыңды” – деди. “Омийин” – деп бата берип, көздөн кайып болду.

Тилеги кабыл болду. Тогуз ай, тогуз күн, тогуз саат, тогуз минутта байбичеси эки эгиз бала төрөдү… Ошондо бир аксакал адам: “Бирөө Жаныш, бирөө Байыш болсун” – деп ат койду. Ал кишини эч ким тааныбады. Көрсө, Кыдыр Илияс экен”. [3. 31.]

Кыскасы, Кудай деген кудуреттүү затка Кыдыр атабыздын бир гана аты эмес, заты да төп келет, мына ушундан улам, Кыдыр атабызды Кудай деп айтканга толук акыбыз бар. Ал эми еврей менен арабдар Кудай деп дүйнө жүзүнө таңуулап жаткан Яхвеге (Аллахка) келсек, тескерисинче өмүрдү кыйып, адамдарды кырып жатат. Сөздү факты менен улайлы:

Тоорат: “Ошондо Жахаба Содом менен Аморго күкүрт менен от жаадырды; ал Жахабадан, асмандан жаады. Ошентип, Кудай ал шаарлар менен ошол тегеректин баарын, ал шаарлардын бардык тургундарын, өсүмдүктөрдү жок кылды”. (Башталыш 19:24–25), [4. 33.]

Тоорат: “Ошондо Жахабадан от түшүп, аларды мерт кылды, алар Жахабанын алдында өлүштү”. (Лебилер 10:2), [4. 168.]

Тоорат: “Анан Жахабадан от түшүп, жыпарзат түтөткөн эки жүз элүү кишини жалмап кетти”. (Сандар 16:35), [4. 235.]

Инжил: “Бет-Шемештин тургундары Жахабанын келишим сандыгын карашканы үчүн, ал аларды кыра баштады. Ал элдин арасынан жетимиш кишини – элүү миң кишини – өлтүрдү. Жахаба чоң кыргын салгандыктан, эл боздоп ыйлады”. (1 Шемуел 6:19), [4. 419.]

Инжил: “Ошондо Жахаба эртең мененден баштап белгиленген убакытка чейин Ысрайылга жугуштуу оору каптатты. Натыйжада Дандан Беир-Шебага чейин жашаган элдин арасынан 70 000 киши өлдү”. (2 Шемуел 24:15), [4. 503.]

Инжил: “Ошондо асмандан от түшүп, аны да, анын элүү кишисин да жалмап кетти”. (2 Падышалар 1:10), [4. 554.]

Инжил: “Ошол түнү Жахабанын периштеси чыгып, ашурлуктардын кошуунунан 185 000 кишини кырып салды. Эртең менен эрте тургандар баарынын өлүп жатканын көрүштү”. (2 Падышалар 19:35), [4. 592.]

Инжил: “Жүйүттүн тун уулу Эр жаман киши болгондуктан, Жахаба аны өлтүрүп салган”. (1 Жылнаама 2:3), [4. 605.]

Инжил: “Ошондо ага Жахабанын каары кайнады. Ал аны келишим сандыгына колун сунганы үчүн өлтүрдү. Ошентип, Уза ошол жерде, Кудайдын алдында өлдү”. (1 Жылнаама 13:10), [4. 625.]

Инжил: “Ошондо Жахаба Ысрайылга жугуштуу оору каптатты. Натыйжада алардын 70 000 кишиси өлдү”. (1 Жылнаама 21:14), [4. 636.]

Забур: “Ошондо Кудай аларга каарданып, күчтүүлөрүн өлтүрө баштаган, Ысрайылдын жигиттерин сулаткан”. (Забур 78:31), [4. 884.]

Инжил: (Жахаба:) “Эпрайым кыйратылат. Алардын тамыры соолуйт. Бир да мөмө байлашпайт. Төрөшсө да, мен алардын жатынынан чыккан сүймөнчүктөрүн өлтүрүп салам”. (Ошуя 9:16), [4. 1304.]

Инжил: (Еврейлер:) “Биз бузуктан төрөлгөн эмеспиз. Биздин бир эле атабыз бар:  ал – Кудай” дешти.

Иса аларга мындай деди: “…Силердин атаңар – Ибилис. Силер атаңардын каалоосун аткаргыңар келет. Ал башынан эле киши өлтүргүч болгон жана чындыктан четтеп кеткен, анткени анда чындык жок. Ал жалган сүйлөгөндө өзүнүн табияты боюнча сүйлөйт, себеби ал – жалганчы жана жалгандын атасы”. (Жакан 8: 41–44). [4. 1526.]

Инжил: “Анткени биздин Кудай – жалмап салуучу от”. (Еврейлерге 12:29), [4. 1739.]

Куран: “Аллахтын буйругу болмоюнча эч ким өлбөйт!”. (Аалу Имран 3:145), [5. 68.]

Куран: “Мен алардын (өлүмү келүүчү) мөөнөтүн узартып койом. Чындыгында, Менин айлакерлигим күчтүү!”. (Аараф 7:183), [5. 174.]

Куран: “Мен Аллахка гана табынамын, Ал силерди өлтүрө алат”. (Йунус 10:104), [5. 220.]

Куран: “Силерди силерге атайын дайындалган өлүм периштеси жаныңарды алат”. (Сажда 32:11), [5. 415.]

Куран: Өлөр мезгилде жанды Аллах алат. Өлбөгөндөрдүн жанын уйкуда жатканда алат”. (Зумар 39:42), [5. 463.]

Куран: “(Каапырлардын жанын) катуу сууруп алуучуларга ант! (Момундардын жанын) жумшак алуучуларга ант!”. (Наазиат, 79:1-2), [5. 583.]

Бул фактыларда ачык көрүнүп турат, еврей менен арабды кул кылган Жахаба далай өмүрдү соолутуптур. Ооба, биз билебиз, өмүрдү Кудайым өзү тартуулайт, аны Ажалдын ээси болгон Шайтан соолутат. Демек, Жахаба (Аллах) деген ким экен? Биз мындан тез арада жыйынтык чыгарышыбыз керек. Анткени, Яхве согуштун азанын чакырып, дүйнөнү канга чылап жатат, аны да фактылардан көрөлү:

Тоорат: “Муса аларга: “Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: “Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлап, конушту дарбазадан дарбазага чейин аралап чыккыла да, бир туугандарыңарды, жакындарыңарды, досторуңарды өлтүргүлө”, – деди. Лебинин уулдары Муса айткандай кылышты. Ошол күнү элдин ичинен 3 000дей киши өлдү”. (Чыгуу 32:27-28), [4. 138.]

Тоорат: “Кийинчерээк Жахаба Мусага мындай деди: “Мидияндыктарды жөн койбогула, аларды кыргыла”. (Сандар 25:16–17), [4. 250.]

Тоорат: “Ал эми Жахаба Кудайың сага ээлешиң үчүн берип жаткан жерде жашаган элдердин шаарларында бир да кишини тирүү калтырба. Анткени сен, Жахаба Кудайың буйрук кылгандай, Хеттин тукумдарын, аморлуктарды, канаандыктарды, периздерди, хибиликтерди, жебустуктарды жок кылышың керек”. (Мыйзам 20:16 – 17), [4. 301.]

Инжил: “Ал, Ысрайылдын Кудайы Жахаба буйрук кылгандай, ал жакта жашагандардын бардыгын кырып жок кылды, эч кимисин тирүү калтырган жок”. (Жашыя 10:40), [4. 343.]

Инжил: “Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Ысрайыл эли Мисирден келатканда аларга каршы чыгышканы үчүн Амалыктын тукумдарын жоопко тартам. Ошондуктан барып, Амалыктын тукумдарын жана алардын эмнеси болсо, ошонун баарын кырып ташта. Аларды аяба, эркектерин да, аялдарын да, балдарын да, эмчектеги наристелерин да, өгүздөрүн да, койлорун да, төөлөрүн да, эшектери да кырып сал”… Ал алардын падышасы Агакты тирүүлөй колго түшүрүп, калгандарын кылычтап өлтүрдү”. (1 Шемуел 15:2-8), [4. 432.]

Инжил: “Ошол күнү ал: “Жебустуктар менен согуша тургандар жердин астындагы суу аккан жол менен кирип, Дөөтү жек көргөн аксактар менен сокурларды кырып таштасындеди. “Сокур менен аксак үйгө кирбейт” – деген сөз ошондон калган”. (2 Шемуел 5:8), [4. 467.]

Инжил: (Иисус Христос:) “Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлобогула, тынчтык эмес, кылыч алып келдим. Анткени мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүш үчүн келдим. Ооба, адамга өз үйүндөгүлөрү душман болот”. (Матай 10:34–36), [4. 1382.]

Инжил: (Иисус Христос:) “Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлойсуңарбы? Жок, силерге айтып коёюн, мен бөлүш үчүн келдим. Мындан ары бир үйдөгү беш киши өз ара бөлүнүп, үчөө экөөнө, экөө үчөөнө каршы чыгат. Атасы баласына, баласы атасына, энеси кызына, кызы энесине, кайненеси келинине, келини кайненесине каршы чыгып, баары бөлүнөт”. (Лука 12:51–53), [4. 1484.]

Куран: “Аларды кайсыл жерде тапсаңар, ошол жерде өлтүргүлө”. (Бакара 2:191), [5. 30.]

Куран: “(Эй, момундар!) Силерге жагымсыз болсо да, согуш парз кылынды. Силер эмнегедир жаман көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жакшы”. (Бакара 2:216), [5. 34.]

Куран: “Аллахтын жолунда согушкула жана Аллах – Угуучу, Билүүчү экенин билгиле!”. (Бакара 2:244), [5. 39.]

Куран: “Ошондой эле Аллах момундарды тазалоо жана капырларды кыйратуу үчүн (согуш чыгарат)”. (Аалу Имран 3:141), [5. 68.]

Куран: “Көчкөндөрдүн (Мекеден Мединага жер которгондор), мекенинен куулуп чыгарылгандардын, Менин жолумда азап тарткандардын, согушкандардын (Аллах жолунда) жана өлтүрүлгөндөрдүн (Ислам үчүн шейит болгондордун) жамандыктарын (күнөөлөрүн) кечип жиберем. Аларды алдынан дарыйалар аккан Бейишке киргиземин” (деди). Сыйлык – Аллахтан!”. (Аалу Имран 3:195), [5. 76.]

Куран: “Эгер артка кайтышса, анда аларды туткундап алгыла да, тапкан жериңерде өлтүргүлө”. (Ниса 4:89), [5. 92.]

Куран: “Эй, момундар. Иудейлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-бири менен дос. Силерден ким алар менен достошсо, анда ал – алардан”. (Маида 5:51), [5. 117.]

Куран: “Эй, ыймандуулар! Согушта катарлашкан каапырлар тобу менен кездешкен кезде артка чегинбегиле. Ким ошол күнү согушууга ыңгайлуу абалды ээлөө үчүн, же (өздөрүнөн) башка топко кошулуу үчүн гана артка чегинбесе, анда ал Аллахтын каарына калат. Анын жайы – тозок, ал кандай жаман”. (Анфал 8:15-16), [5. 178.]

Куран: “Алар менен эч бир ширк кылбаганга чейин жана дин толук Аллах үчүн болгонго чейин согушкула”. (Анфал 8:39), [5. 181.]

Куран: “Эй, пайгамбар! Момундарды согушка кызыктыр”. (Анфал 8:65), [5. 185.]

Куран: “Ыйык айлар чыккандан кийин, мушриктерди кай жерде көрсөңөр өлтүргүлө”. (Тавба 9:5), [5. 187.]

Куран: “(Эй, момундар) Анттарын бузган, пайгамбарды журтунан кууп чыгарууга умтулган жана силерге биринчи болуп кол салган коомго каршы эмне үчүн согушпашыңар керек? Алардан коркосуңарбы? Эгер ыйман келтирген болсоңор, анда Аллахтан гана коркуу зарыл! Алар менен согушкула!”. (Тавба 9:13–14), [5. 188.]

Куран: “Китеп берилгендер Аллахка, акырет күнүнө ыйман келтирбегендер жана Аллахтын, Анын элчисинин арам кылган нерселерин арам катары тааныбагандар, ошондой эле чыныгы динди тутунбагандар менен өздөрүн кор тутуп, салык төлөмөйүнчө согушкула!”. (Тавба 9:29), [5. 191.]

Куран: “Мушриктер силер менен согушкандай, силер да алар менен согушкула. Билип койгула: Чындыгында, Аллах – такыбалар менен бирге”. (Тавба 9:36), [5. 192.]

Куран: “Эй, момундар! Силерге эмне болду? “Аллах жолундагы согушка чыккыла!” – деп айтылса, салмактарыңарды жерге салдыңар. Акыретке караганда дүйнө жашоосу жакшы көрүнүп жатабы? Эгер согушка чыкпасаңар, Аллах силерди сыздатуучу азап менен азаптап, ордуңарга башка коомду алмаштырат”. (Тавба 9: 38-39), [5. 193.]

Куран: “Жеңил, же оор болгонуна карабастан согушка чыккыла да, Аллах жолунда мал-мүлкүңөр жана жаныңар менен согушкула! Эгер билсеңер, силер үчүн жакшысы ушул”. (Тавба 9:41), [5. 194.]

Куран: “Эй, пайгамбар! Каапырлар жана мунафыктар менен күрөш! Аларга катаал мамиле кыл. Алардын кайтып келээр жайы – Тозок. Ал кандай жаман орун”. (Тавба 9:73), [5. 199.]

Куран: “Алар – Аллах жолунда согушуп өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт. Буга байланыштуу чыныгы убада Тооратта, Инжилде жана Куранда бар”. (Тавба 9:111), [5. 204.]

Куран: “Эй, момундар. Айланаңардагы каапырлар менен согушкула! Алар силерден катаал мамилеге кабылсын”. (Тавба 9:123), [5. 207.]

Куран: “Аллах жолунда чын дилиңерден күрөшкө чыккыла”. (Хаж 22:78), [5. 341.]

Куран: “Согушта каапырлар менен силер бетме-бет келсеңер, алар толук жеңилүүгө учураганга чейин мойундарына чапкыла!”. (Мухаммад 46:4), [5. 507.]

Куран: Аллах жолунда курман болгондордун амалдарын (Эгеңер) жогопойт (сооптору текке кетпейт)… Аларды өздөрүнө кабарлаган Бейишке киргизет”. (Мухаммад 47:4-6), [5. 507.]

Куран: “Аллах жолунда өз мал-мүлктөрү жана жандары менен согушка чыккандар. Мына ошолор – (нагыз) чынчылдар”. (Хужурат 49:15), [5. 517.]

Куран: “Эй, иудейлер! Эгер силер өзүңөрдү башка элдердин арасынан биз гана Аллахка жакынбыз деп билсеңер, анда (өзүңөргө) өлүмдү каалагыла! Эгер силер чын болсоңор”, – деп айт”. (Жума 62:6), [5. 553.]

Куран: “Эй, пайгамбар! Каапырлар, эки жүздүүлөр менен күрөшкүн жана аларга бекем тур. Алардын (баруучу) жайы – Тозок жана ал кандай жаман!”. (Тахрим 66:9), [5. 561.]

Айткылачы, мындай кан жыттанган чакырыктарды кудурети күчтүү Кудай жасайбы? Эч качан жасабайт! Бирибиз дагы тана албайбыз кандуу согушка жалгыз гана Шайтан айдактайт. Демек, Жахаба (Аллах) деген ким экен?! Көзүңөрдү ачкыла, айланайын эли-журт. Биздин ата-бабабыз мусулман болгон деген сөздү токтоткула, биз кечээ жакында кылычтын мизи менен динге киргенбиз. Ага чейин аталарыбыз Кыдыр менен Умайды ыйык тутуп, жалгыз Жаратканга сыйынып келген, алардын баары тарыхта жазылуу, “Кыдыр санжырасынан” окугула. Дегеним, динди аталарга шылтоо кылганыбыз жарабайт, анткени алар арабча китептерде эмне жазылганын билген эмес. Котормосу азыр гана биздин колубузга тийди, эми биз кимге сыйынып жатканыбызды аныктап албасак, бабалардын арбайы да, Кудайымдын өзү да бизди кечирбейт.

Сөзүбүздү уласак, Кыдыр атабыздын Кудай, еврей менен арабды кул кылган Яхвенин Шайтан экенин тастыктай турган эң чоң факты бар, муну алардын дене турпатынан оңой эле аңдасак болот. Дегеним, Кыдыр атабыз кандай касиеттерге эгедер экенин жогоруда айттык, түрлүү жандардын келбетине келе алат, ошондой эле кишилерге кайырчы кейпинде дагы жолугат, андан эч кими шек санабайт. Ал эми Яхвенин (Аллахтын) денеси оттон жаралган, факты менен берели:

Тоорат: “Жахаба тоодо силер менен от ичинен бетме-бет сүйлөшкөн. Ошондо мен силерге Жахабанын сөзүн айтып туруш үчүн Жахаба менен силердин ортоңордо тургам. Анткени силер оттон коркуп, тоого чыккан эмессиңер”. (Мыйзам 5:4), [4. 279.]

Тоорат: “Жахаба Кудайыбыз бизге өзүнүн даңкы менен улуулугун көрсөттү, биз анын от ичинен чыккан үнүн уктук”. (Мыйзам 5:24), [4. 280.]

Инжил: “Таноолорунан түтүн, оозунан баарын жалмай турган от чыкты…

Бет алдындагы жарыктан чоктор күйдү. Асмандан Жахаба күркүрөдү, эң жогорку Кудай үн салды”. (2 Шемуел 22:9-14), [4. 497, 498.]

Инжил: “Силер өзүңөрдүн кудайыңардын ысмын чакыргыла, мен болсо Жахабанын ысмын чакырам. Кимиси от жиберип жооп берсе, ошонусу – чыныгы Кудай”, – деди”. (1 Падышалар 18:24), [4. 543.]

Забур: “Оо, Жахаба, качанга чейин ачууланасың? Түбөлүккөбү? Жаалың качанга чейин оттой жалындай берет?”. (Забур 79:5), [4. 887.]

Куран: “Муса (жалданган) мөөнөтүн бүтүрүп, жубайы менен жолго чыкканда, Тур жактан бир от көрүп, жубайына: “Туруп тургула. Ырасында, бир от көрдүм…”, – деди.

Ал жерге келген кезде… “Эй, Муса! Акыйкатта, Мен – адамдардын Эгеси, Аллахмын!” – деген үн чыкты”. (Касас 28:29-30), [5. 389.]

Көрүнүп тургандай Жахаба накта оттон жаралган зат. Тактап айтсак, өңү-түсү менен турган турпаты оттон башкага өзгөрүп кеткени бир дагы жерде белгиленип, айтылган эмес. Демек, Жахаба Шайтан. Анткени, дин ишмерлери эң жакшы билет, оттон Шайтан жаралган. Фактысын келтирели:

Куран: “Ал: “Эй, Иблис! Мен өз колум менен жасаганга сежде кылууңдан сени эмне тосту? Сен текеберлендиңби, же улуктардан болдуңбу?” – деди.

“Андан мен жакшыраакмын. Мени оттон жараттың, а аны ылайдан”, – деди”. (Сод 38:75-76), [5. 457.]

Бул фактылардан кудурети күчтүү Кудай деген улуу зат Кыдыр атабыз экени, ал эми оттон жаралган Жахаба (Аллах) Шайтан экени көзүбүзгө кашкайып көрүнүп турат. Андан да кызыгы, еврей менен арабдар Кудай тутуп, Жараткандын жалгыз өзү катары дүйнөгө таңуулап жаткан Яхве (Жахаба) Кыдыр атабызга тишин кайрап отурат, фактыны карайлы:

Инжил: “Жахаба мага мындай деди: “Жалданма жумушчунун жылдары боюнча санаганда, бир жыл өтүп-өтпөй Кедар (Кыдыр) даңкынан ажырайт. Кедардын (Кыдырдын) уулдарынын жаа тарткан эр-азаматтары азаят, анткени муну Ысрайылдын Кудайы Жахаба айтты”. (Ышая 21:16-17), [4. 1034.]

Инжил: “Бабыл падышасы Небухаданасар талкалаган Кедар (Кыдыр) менен Хазор падышалыктары тууралуу Жахаба мындай дейт: “Тургула, Кедарга (Кыдырга) баргыла. Чыгыштын уулдарын талап-тоногула”. (Жеремия 49:28), [4. 1171.]

Айланайын эли-журт, жер бетинде жашаган пенделер маңкурт болуп, жалгыз Шайтанга сыйынып калган кезде Жараткан топон суу өңдүү апаат менен өз жазасын берип келген. Биз так ошол чекте турабыз. Эгер акылга келип, көзүбүздү ачпасак, көргүлүктү көрөбүз! Бирөөнүн үйүндө жашасаң дагы акча төлөйсүң, бербесең кууп чыгат. Биз Жараткан тартуулаган керемет жерде жашап, Кудай тартуулаган өмүрдү сүрүп жатабыз. Бирок, экөөсүн тең унутуп, Шайтанга сыйынып калдык. Демек, эмне болот? Бардыгыңар билип турасыңар! Ошондуктан, дүйнөнү сактап калганга жалпы барыбыз аракет кылалы. Дегеним, жогорудагы фактыларга динаятчылар эч качан жооп бербейт, анткени алар Шайтандын азгырыгы менен тиричилигин өткөрүп, курсагын тойгузуп көнүп калган, баш тарталбайт. Бул жерде кыргыз интеллигенция ойгонушу керек. Ооба, президенттер элге каршы иштерди жасаган кезде, бири да үн каткан жок. Эми Кудайдын маселеси көтөрүлүп, бүт дүйнөнүн келечеги боюнча сөз башталган маалда биздин акылман агаларыбыз үйүндө уктап жатпашы керек. Эң алды кыргызды, анан дүйнөнү сактап калалы. Себеби, бул маселе оюнчук эмес.

Албетте, фактыларды гезитке кыскартып бердик, толук маалыматты “Нуска” китеп дүкөнү менен Чүй проспектиндеги Борбордук почта түйүнүнүн ичиндеги китеп дүкөндө жана Ала-Тоо кинотеатрынын алдында сатылып жаткан “Кыдыр санжырасынан” кеңири окуңуздар. Аягында дагы бир ирет кайталай кетейин, мен Памирдеги Шамбалада жайгашкан Кыдыр атабыздын касиети менен бүткүл дүйнө Шайтандын өзүнө сыйынып калганын далилдеп, Кудайдын кудуретин тааныганга чакырык таштап жатам. Эгер пенделер Ак менен Караны, Өмүр менен Өлүмдү, так айтканда, Кудай менен Шайтанды ажыратып, Жараткандын жалгыз өзүнө “Манас” менен сыйынбаса, кезектеги топон суу менен жок болот!

Зулпукаар Сапанов

  1. В. Плоских, Э. Маанаевдин На “Крыше Мира” Фрунзе, 1983.
  2. 2. “Семетей”, 1-т. Саякбай Каралаев, Б., 2013.
  3. 3. “Эл адабияты” сериясы, 4-т., Жаныш, Байыш, М.Мусулманкулов, Б., 1998.
  4. 4. “Ыйык Китеп”, Brooklyn, New York, U.S.A., 2013-ж.
  5. 5. “Ыйык Куран”, А.Исмаилов, Д.Абдылдаев, С.Доолов, С.Гавай. Baski: Erkam Matbaasi, 2006.

Булак: “Жаңы-Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: