Menu

Мелис Эшимкановдун арабыздан кеткенине 5 жыл болду

Бөлүшүү:

Мындан туура беш жыл мурун, түш ооп калган кезде телефондон бир досум: “Ай, Мелис Эшимканов өлүптүр, сен уктуңбу?” деди. “Койчу дөөрүбөй” деп бир сөз айтканча телефондун үнү өчтү. Атаңгөрү, ошол телефондун үнү өчкөндөй Мекемдин үнү да өчүп, анын жаркын элеси элдир-селдир арабызда жүргөнүнө беш жыл өтүп кетиптир.

Мелис Эшимкановдун жоктугу кыргыз журналистикасынын, журналисттеринин, калемдештеринин, досторунун, ага-тууган жек-жаатынын, кыргыз саясатынын, саясатчыларынын кабыргасын кайыштырып, жүрөгүн зыркыратат. Кыйчалыш бу күндөрү аны жоктогондор толтура. Эгер тирүү турганда, бул адамдын жанында жубайы, балдары, ага-туугандары, саясатта жүргөн достору тегеректеп, “эмне кылсак” деп кеңеш сурап турушмак. Сөзсүз түрдө бирдеменин ичинен чыкмак. Башкача болмок. Заманды өзгөртө алгандардын бири болчу. Зээн кейийт… Кейигенде эмне, кыргызда “өлгөндүн өз шору” деп коет. Өлбөгөн жанга жаз, күз, кыш, жайы келип өтүп атат. Артынан ээрчип кошо өлүп алгандарды көрө элекмин.

Кечээ ушу эскермени жазып атып, анын жаркын маанай жараткан жоруктарынан бирди эстедим. Жогорку Кеңеште депутат кези болчу. Жай саратаны күчүндө. Күн ысып, күкүрт сымал, бирөө жарым ширеңке жакса “дүрт” этчүдөй кез. Мелис телефон чалып, “Суке, офиске келбейсиңби, шахмат тытышалы” деди. Мойнум жар бербей “жок ай, бүгүн оюнга табитим жок, маанайым пас” дедим. Аз өтпөй кайра чалды. “Суке, азыр машине жиберем, кийинип тур” деп жооп күтпөй телефонду өчүрүп салды. А күнү (түнү) экөөбүз арактан күчүбүздү чыгардык. Шахмат ойнодук. Баягы маанайымдын түшкөнү заматта көтөрүлүп, жандүйнөмө майрам тартуулап ийгенин эч унутпайм. Ооба, Мелис Эшимканов адамдын маанайын көтөрө билчү. Бу жагынан эч кимди алдыга салчу эмес…

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: