Menu

Шынаа: Саясатта күз-күрөш

Бөлүшүү:

Кыргызстандын саясий элитасында эки лидердин эрегишин улаган компроматтар согушу азырынча аяктады окшойт.Президент Атамбаевдин өлкөгө кайтып келиши менен өзүнө карата айыптоолорго жооп кайтарышы күтүлгөн. Бирок ажо азырынча үн ката элек, өлкөдө жым-жым саясат өкүм сүрүүдө. Жымжырттык канчага созуларын да боолголоп болбойт.

Нью-Йоркко БУУнун жыйынына сапар алган президент Атамбаев саламаттыгына байланыштуу ара жолдон аялдап Түркияда, андан кийин Москвада дарыланып жатканда Кыргызстанда компроматтар согушу эки айлампада айланып кетти. Жалаң аргумент менен фактыларды оозанган “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев анын биринчисин президентке, экинчисин ага жакын чөйрөдөгүлөргө багыттап жиберди. Президенттин эгемендик салтанатындагы сөзүнөн улам күч алган бул тиреште тараза ташы ошону менен Текебаев тарапка ооп калган сыяктанып турат.

Ушинтип компраматтар согушу бир сыйра аяктап, тыныгуу болуп калган учурда президент Атамбаев да Кудайга шүгүр, эсен-соо өлкөгө кайтып келгенин, келгенде да учактан жубайы менен жетелеше күлүп-жайнай кудуңдап түшкөнүн көргөндө баарыбыз кубандык. Анан элдин баары “эми ажо эмне дейт, өзүнө карата айтылган осол айыптоолорго кандай жооп узатат” деген таризде күтүп калды. Дүйшөмбүдөн тарта ишин баштаган өлкө башчыбыз андан бери кол астындагы жетекчилерди улам бирден кабыл алып,  атүгүл мугалимдерди майрамы менен куттуктаганга да жетишти. Бирок азырынча айыптоолорго үн ката элек. Балким жан-жөкөрлөрү, акыл кошчулары менен кеңешип-таңашып аткандыр. Же “ит үрө берет, кербен жүрө берет” кыязында унчукпай коёбу? Андай десек, “ит деле жөн-жай үргөн жок”. Анын үстүнө үргөн тарапта айбат күч, анча-мынчага бош келбейт, өз көлөкөсүн көрө калып эле үрүп калчу коркоктордон, “кет” десе эле “кыңшылап куйругун кыпчып кетчүлөрдөн” эмес. Ага ошол тегеректеги абалактап-жабалактагандар кошулуп “үрүп” чыкчу болсо, “кербен жүрө бериши” да күмөн болуп калат. Андыктан баары бир бир нерсе деп айтууга туура келет. Анан калса эмитен эле 31-августтагы сөзүн – Кадыржан Батыровду качыргандарды, талап-тоногучтарды табуу убадасын эске салып, ар жак, бер жактан ажого “асылгандар” чыга баштады. Демек эми мындан кийинки кырдаал президенттин кадамына жараша болору бештен белгилүү.

“Экөө урушса, үчүнчүсү кубанат” дегендей эки лидердин эрегишинен пайда таап, эптеп эбин таап президентти жандаган топко кошулуп алуунун айласын издеген куйтулар бир жагынан куйтуңдаса, Атамбаевди да, Текебаевди да жактырбаган дагы бир топтогулар экөөн тең үстөмөндөн шыбап киришти. Алар бул эски саясатчылар аренадан кетип, жаңы муун келишин каалагандар. Бирок азырынча андай муундун карааны көрүнбөйт. Демек бери дегенде дагы беш-он жыл ушул эле саясатчылар чалган чилдирманга оюн салып, ушулар черткен “тактекеге” секирип жүрчүдөйбүз.

Ак үй жакты аңдыган серепчилер бул тапта Текебаевдин тегереги калыңдап, түн ката “Ата Мекендин” кеңсесин айланчыктагандар көбөйүп баратканын, арасында бийликтин кишилери да бар экенин шыбырашууда. Канткен менен бул эрегиш ортого жик салып, шынаа түшүрүп койгону анык. Ал шынааны шынаарлагандар менен шыкаалагандар көбөйчү болсо, жарака дагы кеңейчүдөй. Буга чейинки Акаев, Бакиев режимдеринин кыйрашы да ушундай шынаадан башталган. Акыры ошол шынаа чоңоюп отуруп, экөөн тең катын-калач, бала-чака, бир туугандары менен кошо алыска “шыпырып” салды. Болбосо эки мөөнөткө ыраазы болуп, “үч жерде беш он” деп Башмыйзамды жамаачылап кирбегенде Аскар Акаев экс-президент макамын алып, азыр Башкы прокуратурага айланып кеткен үйүндө эркелеп отурмак. Анда ыңкылап да болбой, баары мыйзам чегинде кете бермек. Эми азыркы шынаа кеңейбесе экен…

Шамил Эрболов

Булак: Де Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: