Menu

Саммитке 25, Атамбаевге 60 жыл…

Бөлүшүү:

Эртең 16-сентябрда КМШ өлкөлөрүнүн юбилейлик саммити башталганы турат. Чейрек кылым болуптур. Саммитке келе турган ар бир өлкөнүн жетекчиси “Ашуудан берген отчету” сымал жыйын учурунда коомчулукка баштан аяк саймедиреп бериши турулуу иш дечи. Ааламдашуу саясаты күчөп, каатчылык бардык эле өлкөнү капталдап турганда “кой үстүндө торгой жумурткалаган” жерлеринен бири-бирине төшүн кагып суктандыра жар салары айтпаса да түшүнүктүү.

Саммитке келебиз деген аттуу-баштуулардын көч башында Россия президенти Владимир Путин жүрөт. Анын чачпагын көтөргөн Беларусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Армения президенти Серж Саргсян, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Молдова премьер-министри Павел Филип, Өзбекстан тышкы иштер министри Абулазиз Камилов ж.б. Түркмөнбашы Гурбангулы Бердымухамедов Атамбаевдин өзүнө телефон чалып, саясый маанидеги иш-чара, анын ичинде Конституция реформасы сыяктуу талуу маселе каралып атканын түшүндүрүп, уруксат сураптыр.

Эртеси 17-сентябрь күнү КР президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. 60 жашка толот. Саммитке катышкан президенттер, өлкө башчылар, өкүлдөрдүн жоон тобу калып, “день рождения” тоюнда бирге болот да, жоон тобу аны күтпөй куттуктоо сөздөрүн айтып, белек-бечкегин бере салып, мекендерине кайтат.

Куттуктоо демекчи, биздин гезиттин жамааты өлкө президенти Алмазбек Шаршеновичти кутман курак 60 жашы менен куттуктайт! Ийгиликтер али алдыда! Бар болуңуз!

 Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: