Алмазбек Эргешов: — Булардын жол эрежесин бузса болот деген ойлорун токтотуш керек.
“Азия Ньюс”: — Кантип? Жолго знак коюш керекпи?
Алтынай Өмүрбекова: — Мен ойлойм, Ашырбек Мойдунович, сиз эми бул сезимдерди өзүңүздөн өткөзбөсөңүз дагы билесиз. Төрөт процесси өтө оор.
“Азия Ньюс”: — Ашырбек Мойдунович билбеген эчтеке жок болуш керек.
Айтмамат Назаров: — Министр Мурашев суранып атат, “мен доклад берейин” деп.
“Азия Ньюс”: — Докладды кантип берет болду экен? Муштуму мененби?
Cадык Шер-Нияз: — Биз сүйлөшүп алган жумушту кылабызбы, ушуну бир сүйлөшүп алалычы?
“Азия Ньюс”: — Анан сүйлөшүп алгандан кийин сүйлөшүп алган жумуш жасаларына кепилдик барбы?
Гүлкан Молдобекова: — Быякта ким чакырылды? Вице-премьер эмес, эми… образование чакырылган.
“Азия Ньюс”: — Айта кетсеңиз, Гүлкан Сакеновна, “образование” эмне жумуш кылат экен?
Алмаз Токторов: — Сиз биздин кесиптешибиз Зиядин Исламовичтин оюн түшүндүңүз да, туурабы? Сиздердин кылган иштериңерге, тарых институтунун кылган ишине бул канааттандырбай… канаат… этот… ыраазы болбой, ошого сунуш киргизип атат да.
“Азия Ньюс”: — Канааттандырышы… этот… ыраазы болушу үчүн тарыхчылар эмне кылышы керек?
Мурат Жуматаев: — Биерде жанагы 500 жыл жоголуп кетти деп… Бул жерде баары салыштырмалуу да. Кандай жоголуп кеткени? Ал жылдар бар.
“Азия Ньюс”: — Болсо каякка катып койгонсуңар?
Зарылбек Рысалиев: — Он беш күн иштеп, калган күндөрү дармоедствовали что ли?
“Азия Ньюс”: — Нет, осваивали съеденного.
Зарылбек Рысалиев: — Эми азыр мобул күч структураларына “эй, кет деп атырым, кет дегенде кет!” деп айтыш керекпи?
“Азия Ньюс”: — Илгеркидей эле “иди ты на…” деш керек.
Бакирдин Субанбеков: — Урматтуу кыпча белдүү карындаштар, кыздар!
“Азия Ньюс”: — Белдери сегизге окшошпу?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ