Бүгүн, 17-сентябрда Алмаз Атамбаев КМШ мамлекет башчыларынын Бишкекте өткөн отурумуна катышкан Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Алмаз Атамбаев Владимир Путин менен жылуу учурашып, россиялык өкүлдөрдүн Кыргызстанга келишине кубанычтуу экенин белгиледи.
«Мен Сизди көргөнгө ар дайым кубанычтамын, анткени Сизди көргөндө бир тууганымды жолуктургандай болом. Мен россиялык өкүлдөрдү көргөнүмө кубанычтамын. Президент катары 5 жыл ичиндеги менин эң башкы жетишкендиктеримдин бири – бул кандай болгондо да Россия менен болгон жакшы мамилелерди кайтарганым болду деп эсептейм. Биздин аталарыбыз душман менен чогуу согушканы бекеринен эмес», – деди Атамбаев.
Владимир Путин өз кезегинде Мамлекет башчысын туулган күнү менен куттуктады.
«Мен кесиптештерим менен бирге ушул күнү Сиз менен чогуу болгонубузга кубанычтамын. Биздин мамлекеттер аралык мамилелер бардык багыттарда – жарандык кызматташтыкта да, аскерий кызматташтыкта да жакшы өнүгүп жатат. Албетте, биз кыйла татаал шарттарда иштеп жатабыз, бирок, ага карабастан, алдыга коюлган милдеттерди негизинен аткарып жатабыз жана бүгүн биздин мамилелердин бүтүндөй комплекси боюнча кенен-кесир сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кечээ Бишкекти кыдырып келатып шаардын жакшырып баратканын көрүп, кубандым. Биздин элчибиз шаарда көп жаңылыктар болуп жатканын айтып берди. Бул да болсо Сиздин жана Сиздин командаңыздын үзүрдүү ишинин натыйжасы. Мен экономиканын чыңдалышын жана социалдык чөйрөдөгү жетишкендиктерди айтып жатам. Мен Сизди биринчи кезекте ушул ийгиликтериңиз менен куттуктайм», – деди Владимир Путин.
Россия Федерациясынын жетекчиси Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты жана өз ара ишенимди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн Алмазбек Атамбаевди Александр Невский ордени менен сыйлады.
«Биздин тарыхыбыздагы эң жакшы салттарды жүрөк тереңинде сактаган адам катары Сиз үчүн бул эң ылайыктуу сыйлык», – деди Россия Федерациясынын жетекчиси.
Атамбаев өз кезегинде жогорку сыйлык үчүн өз кесиптешине ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ