Menu

Өзбекстанда жаңы жол эрежелери киргизилүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Фергана жана Жизак шаарларында жол чырак кызыл күйүп турган маалда да автоунаалардын оң жакты көздөй кайрылуусуна уруксат берген жазуулар пайда болду.

Өлкөнүн жол коопсуздук кыймылынын башкармалыгы бул жаңы эреже тесттик режимде иштеп жатканын, жакынкы күндөрү Ташкентте массалык түрдө киргизилерин билдирүүдө. Башкармалык бул – автоунаа көп жүргөн көчөлөрдүн кесилишиндеги абалды жакшыртат деген пикирде.

“Кызыл жарыкка оң жактан бурулуу” эрежеси – башка автоунааларга жана жөө жүргүнчүлөргө жол берип, жол чырак тыюу салган учурда да оңго бурулууга мүмкүнчүлүк ачат. Бул ыкма дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө колдонулат жана тыгындардын азайышына шарт түзүп келет.

Башкармалык айдоочулар тартипти сактаса, эксперимент ийгиликтүү болорун билдирүүдө.

Өзбекстанда учурда айдоочу оң жакта бара жатса дагы кызыл жарык күйгөн учурда бурула албайт, бул учурда айдоочу кайчы жолдо же стоп-линияда токтошу керек. Жашыл жанганда гана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүп анан жолун улайт. Айдоочулар мындай ыкма кыймылды оорлоштуруп, тыгынга шарт түзөрүн белгилеп келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: