Menu

Euronews каналынын кызматкерлери иш таштады

Бөлүшүү:

Euronews каналынын журналисттери кесиптештерин колдоо максатында 24 саат иш таштады. Алар каналдын украин, перс жана араб кызматтарынын жабылышына каршылык көрсөтүп жатышат.

Журналисттер нааразылык акциясын 15-декабрда түндө баштап, күн бою жаңылык даярдабай турганын билдиришти. Корпорация жетекчилиги каржаттын тартыштыгынан улам 2017-жылдын апрелинен тарта айрым кызматтарды жабуу чечимин кабыл алган.

Euronews каналынын журналисттеринин алгачкы иш таштоосу быйыл 5-декабрда болгон. Анда жетекчилик маалымат таратууда калыстыктан тайып, сөз эркиндигин кысымга ала баштаганын билдиришкен.

2015-жылдын февралынан бери Euronews каналынын акцияларынын жарымы египеттик миллиардер Нагиб Савириске өткөн. Мындан улам журналисттер редакциялык саясат өзгөрөт деп кооптоно башташкан. Учурда каналга таандык акциялардын айрым бөлүгүн АКШдагы NBC News корпорациясына сатуу маселеси каралууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: